ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

ЖРТ сынагынын зарылдыгы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы абитуриенттин 11 жылдык билиминин жыйынтыгын көрсөтпөй калган деген пикирин айтты. 27-ноябрда “Эл үмүтү – Ата Журт” депутаттык тобунун жыйынында депутат окуучулар 11-класска жеткенде сапаттуу билим алуунун ордуна ЖРТга даярдана баштайт деди.

“Бир жыл ичинде тестке даярданат. Курстарга барат. Ошол үчүн ЖРТ бизнес болуп калды. Жеке курстар көп пайда болду. ЖРТ өзүнөн өзү максатка айланып калды. Биз билим берүүнү эмне кылып салдык. 10-11-класстын окуучуларынан сурап көргүлө, баары ЖРТга даярданып жүрөт”, - деди Бекешев.

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова депутаттын пикирине макул эместигин белгилеп, ЖРТнын жыйынтыгына окуучунун мектептен алган билими түздөн-түз таасир этерин билдирди.

“Эгер мен баарын 4-5ке окуп, көп маалыматтарды эстеп калганым менен менин ой жүгүртүү деңгээлим төмөн болсо, ЖРТдагы баллым аз болот. ЖРТ менин ой жүгүртүү деңгээлимди баалайт. Мен маалыматты канчалык талдай аларымды текшерет. Эгер мен жөн эле окуп жүрө берсем, мүмкүнчүлүгүм аз болот. Ушул багытта мектептер менен да иштешип жатабыз. Биз балдар көп маалыматты жөн эле окуп эстеп калып, мугалимге айтып берүү менен чектелбесин деп жатабыз. Негизгиси, ошол маалыматтарды талдоону, колдонгонду үйрөтүшүбүз керек”, - деди Жусупбекова.

Депутат Бекешев быйыл май айында ЖРТ сынагын акысыз өткөрүүнү, анын чыгымын мамлекеттик бюджеттен кароону сунуштаган.

Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. Тест уюштуруучуну Агартуу министрлиги сынак аркылуу тандайт. Соңку жылдары бул укук Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна берилип келет.

XS
SM
MD
LG