Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кызматы Кыргызстандагы “НСК” камсыздандыруу компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди. Мекеме бул тууралуу 26-ноябрда маалымат таратты.
Финкөзөмөл лицензияны убактылуу токтотууга кайсы көйгөй себеп болгонун тактаган жок.
“НСК” компаниясы ишмердиги чектелгени боюнча чечимге комментарий бере элек.
Бул камсыздандыруу багытында иш алып барган ири компаниялардын бири. Сайтындагы маалыматка караганда, 19 жылдан бери иштеп келаткан “НСК” 600 миңден ашык камсыздандыруу келишимин түзгөн. Унаа, саякат, мүлк, бизнес жана ден соолук багытындагы камсыздандыруу ишмердигин жүргүзөт.
Шерине