Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумунда жолдо мушташкан айдоочуларга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилердин бири, депутат Бактыяр Калпаев соңку учурда Кыргызстанда жол талашып же кандайдыр бир түшүнбөстүктөн улам унаадан түшүп, мушташа кеткен учурлар көбөйгөнүн белгиледи.
Мыйзам долбооруна ылайык, мындай жорук биринчи жолу болгондо, айдоочуга 10 миң сом айып салынат. Бир жыл ичинде кайталанса, алты айга айдоочулук укугунан ажыратылат.
Депутат Болот Ибрагимов ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевден тактап, жолдо айдоочулардын мушташканы боюнча азыркы мыйзамдарга ылайык, үч берене менен жоопко тартса болорун айтып чыкты. Ал мыйзамды иштете албай туруп, жаңы долбоор сунушталып жатканына токтолду.
Депутаттар Гүлнара Акимбаева, Дастан Бекешев жана Мирлан Жээнчороев да ушул жагдайга кайрылып, бир эле мыйзам бузуу боюнча бир канча жаза каралып калбашы керектигин айтышты.
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы соңку күндөрү жолдо унаа айдоочуларынын арасында катталып жаткан жаңжалдар тууралуу маалымат таратып, аларды сабырдуулукка чакырып жатат. Айрым учурлар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900дөй киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет.
Шерине