Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мандатын тапшырганы боюнча маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал «Азатыкка» 26-ноябрда билдирди.
«Мен мыйзам долбоорлорум менен эле отурам. Ага эч кандай негиз жок. Мандат адам каза болгондо алынат, мен азырынча тирүүмүн», - деди Талиева.
Кийин Талиева парламент жыйынында да бул маселе боюнча үн катып, анын мандатын тапшырганы боюнча маалыматты Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери таратканын, аны төрага Марлен Маматалиев жумуштан алганын айтты.
Мунун алдында социалдык тармактарда депутат Талиева мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени тууралуу кабар тараган.
58 жаштагы Талиева Жогорку Кеңештин 8-чакырылышына №1 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган. Ага чейин 2021-жылдагы шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.
2010-2012-жылдары «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
Талиева 18-ноябрдагы парламент жыйынында Оштун мэри Жанарбек Акаевдин ишмердигин сынга алып, «шайлоо штабдарын ачкан» жана «Жогорку Кеңештин депутаттарына каршы иш жүргүзгөн» деп айтып чыккан.
Кийин Боршайком Акаевдин шайлоого аралашканы боюнча маалыматты төгүндөгөн. Бул окуядан кийин социалдык тармактарда Талиеванын тегерегинде талкуу күчөгөн.
Шерине