Оппозициячыл активист Сыргак Кенжебаев өзүнө коюлган айып менен макул эместигин, кылмыш ишин ойдон токулган деп эсептей турганын адвокаты Акынбек Ногоев 26-ноябрда “Азаттыкка” билдирди.
Ал тергөөдө активисттин да, анын жактоочуларынын да укуктары бузулуп жатканын айтууда.
"Бир жарым ай убакытта тергөө амалдары жүргөн жок. Кенжебаев менен анын жактоочуларынын укуктары тергөө тарабынан бузулууда жана четке кагылууда. Ал боюнча Башкы прокуратурага жана ИИМге берилген арыздар жоопсуз калды”,-деди Ногоев.
Жактоочу 21-октябрда берилген өтүнүчүнө бүгүнкү күнгө чейин жооп берилбей жатканын, мыйзам боюнча үч күндө каралышы керектигин кошумчалады.
Башкы прокуратура, ИИМ адвокаттын айткандарына комментарий бере элек.
Соңку айларда бийликти сындап келген Сыргак Кенжебаев президенттин жакындарынын атын атап, алар мамлекеттик маанилүү тармактарды, өзгөчө бажы жана логистикалык схемаларды көзөмөлдөп келатканы тууралуу билдирүүлөрдү жасаган. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде анын айткандарын четке каккан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып келип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин быйыл 13-октябрда билдирген.
Министрлик ага каршы "жапырт башаламандыкка чакыруу" фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатканын, андан тышкары бир адамдан (М.Н.) чогуу ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен "150 миң доллар алып, алдап кеткени аныкталганын" маалымдаган.
Сыргак Кенжебаев 44 жашта, ишкер. Ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин “Юнилаб” деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.
2019-жылы декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны “Алдамчылык” беренеси менен айыптап, Алматынын аэропортунан кармаган. УКМК Сыргак Кенжебаев ал кезде “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.
Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген "Үмүт 2020" кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкуу жараткан.
2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда жоон топ саясатчылар менен кошо Кенжебаев да тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы 12-октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылган.
Шерине