ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

АКШ Кытай баштаган соода өнөктөштөрүнө карата жаңы бажы тарифтерин даярдап жатат

АКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытайды жана Евробиримдикти кошкондо бир катар ири соода өнөктөштөрүнө жаңы импорттук бажы алымдарын киргизүүнү пландап жатат. Буга чейин АКШнын Жогорку соту Трамп киргизген бажы тарифтеринин көбүн мыйзамсыз деп тапкан.

Кытайдан келген товарларга эң жогорку деңгээлдеги, 20% өлчөмүндөгү алым сунушталууда. The New York Times басылмасы жазгандай, эгер Бээжин Вашингтон менен жетишилген соода келишиминин шарттарын аткарбаса, бул алым 40% чейин жогорулатылышы мүмкүн.

Евробиримдик үчүн 15% өлчөмүндө алым каралган. Бирок соода келишимдеринин шарттары аткарылбаса, ал 20% чейин көтөрүлүшү мүмкүн экени белгиленген. Ушундай эле тарифтер АКШнын башка соода өнөктөштөрүнө, анын ичинде Камбожага, Индияга, Түштүк Кореяга, Тайванга жана Вьетнамга карата да сунушталууда.

Бул алымдарды киргизүү демилгеси АКШнын Соода өкүлчүлүгүнүн башкармалыгы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгына негизделген. Иликтөө чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү субсидиялар жана жеңилдетилген насыя шарттары аркылуу ашыкча өндүрүштү колдойбу же жокпу, аныктоону көздөгөн. АКШ администрациясы мындай саясат чет элдик компанияларга көбүрөөк товар өндүрүүгө жана аны жасалма түрдө төмөндөтүлгөн баада сатууга мүмкүндүк берип, америкалык атаандаштардын позициясын алсыратат деп эсептейт.

1974-жылдагы Соода жөнүндө мыйзамдын 301-беренесине ылайык, АКШ өкмөтү чет өлкөлөрдөгү адилетсиз соода практикасын иликтөөгө жана анын жыйынтыгына жараша бажы алымдарын киргизүүгө укуктуу. Март айында АКШ администрациясы мындай эки иликтөө башталганын жарыялаган. Муну менен Жогорку сот жараксыз деп тапкан бажы алымдарын кайрадан күчүнө киргизүү аракети көрүлүп жатат.

  • 2026-жылдын февралында АКШнын Жогорку соту Трамп бир катар өлкөлөргө бажы алымдарын киргизүүдө 1977-жылдагы Өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамды колдонуп, өз ыйгарым укуктарынан ашып кеткен деген чечим чыгарган. Соттун чечимине ылайык, бул алымдарды төлөп койгон компаниялар Каржы министрлигинен акчасын кайтарып берүүнү талап кыла алышат. Мындай доо арыздарды жүздөгөн компаниялар беришкен.
  • 2025-жылдын февралында Трамп Канададан, Кытайдан жана Мексикадан келген товарларга бажы алымдарын киргизген. Ал бул чечимди АКШ чек арасы аркылуу фентанил жана башка мыйзамсыз баңгизаттардын киришин алдын алуу боюнча чаралар жетишсиз болуп жатканы менен түшүндүргөн.
  • Кийинчерээк Трамп дээрлик бардык өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга жалпы 10% алым киргизилерин жарыялаган. Ошондой эле администрация адилетсиз соода жүргүзөт деп эсептеген өлкөлөр үчүн мындан да жогору тарифтерди сунуштаган.


XS
SM
MD
LG