Президент Садыр Жапаров 2027-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Британиянын падышасы Чарльз үчүнчү менен премьер-министри Энди Бёрнемди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу 25-ноябрда жаңы дайындалган британ элчиси Висенте Солера Дюкарды кабыл алган учурда билдирди.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, каржы-банк чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
Президент Жапаров инвестиция тартуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү Кыргызстандын экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу ал өлкө британ бизнеси үчүн ишенимдүү өнөктөш болууга даяр экенин ырастады.
Элчи Висенте Солера Дюкар Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшүн маанилүү жетишкендиктер катары белгилеген. Соңку жылдары Кыргызстанга келген британиялык туристтердин саны өсүп жатканын, кыргызстандыктардын өз өлкөсүндөгү сезондук жумуштарга кызыгуусу артканын айтты.
“Элчи британ тараптын таза энергетика, анын ичинде “Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбоору, маанилүү пайдалуу кендер, билим берүү, жасалма интеллект жана Лондон фондулук биржасынын багыты боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле ал ушул жылдын декабрь айында Улуу Британиянын парламенттик делегациясынын Кыргызстанга сапары пландалып жатканын маалымдады”, - деп жазылган маалыматта.
Жапаров ушул эле күнү БУУнун Кыргызстандагы координатору кызматына жаңы киришкен Брайан Уильямсты кабыл алды. Сүйлөшүүдө ал тоолуу аймактар боюнча күн тартибин эл аралык деңгээлде илгерилетүү, Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгеси жана Кыргызстан менен БУУнун 2028–2032-жылдарга карата кызматташтыгынын жаңы Алкактык программасын даярдоо маселеси тууралуу сөз болду.
3-июнда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган. Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Шерине