Президент Садыр Жапаров Кочкор жана Панфилов райондорунун акимдерин, Баткен жана Кант шаарларынын мэрлерин кызматтан алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы 25-ноябрда маалымат таратты.
Мындай чечимдин эмне себептен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө берилген жок.
53 жаштагы Бекмаат Масаидов Панфилов районунун акими болуп 2023-жылы 15-августта дайындалган. Ага чейин президенттин администрациясында эксперт болуп иштеген.
Баялы Досалиев 58 жашта. Ал 2024-жылдын октябрынан бери Кочкор районунун акими кызматын аркалады. Ага чейин Финансы министрлигинде Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болгон.
Ал эми Сейтек Кулубаев Баткенге мэр болуп былтыр 7-ноябрда дайындалган.
Улан Майлибашевди 2021-жылдын 10-июнунда шаардык кеңештин депутаттары Кант шаарынын мэри кылып шайлап, кийин административдик-аймактык реформа алкагында 2024-жылдын 2-апрелинде президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен кайрадан дайындалган.
Шерине