ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Чет өлкөлүк жарандын 1 млн доллар акчасын карактоого шектүүлөр кармалды

ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандын 1 млн долларын карактап кеткен окуя боюнча шектүүлөр кармалганын билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы 25-ноябрда маалымдагандай, окуя 17-ноябрда болгон.

Саат 16:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы имараттардын бирине белгисиз төрт адам кирип, жабырлануучуну коркутуп, күч колдонуп, кара түстөгү баштыгы менен уюлдук телефонун тартып алган.

Баштыкта 988 миң 500 доллар, 200 миң сом, уюлдук телефондор жана чет өлкөлүк паспорт болгон.

Жабырлануучу ал каражатты тааныштары алып келгенин, аны логистикалык компанияга жеткирмек болгонун айткан. Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөр жана алардын жүрүшү, автоунаалары “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында аныкталган.

Бишкек шаарынан 1971, 1996 жана 2000-жылы туулган үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары коңшу өлкөгө качып кеткен 2003-жылы туулган М.Б., 2008-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган К.Б., 2001-жылы туулган С.Н., 1991-жылы туулган И.Д, 1996-жылы туулган Х.И. жана 2002-жылы туулган Б.А. кармалганы айтылат.

“Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен кара түстөгү баштыктын ичинен 300 миң АКШ доллары аныкталып, далил буюм катары алынган. Коңшу чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында кармалган шектүүнүн автоунаасынан жогорудагы тартып алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү 100 миң АКШ доллары табылган. Мындан тышкары, Чүй районундагы айылдардын биринде контейнердин астынан 410 миң АКШ доллары аныкталып, алынган”, - деп жазылган маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатат.

​
XS
SM
MD
LG