Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билим берүү сапатын тийиштүү деңгээлде камсыз кылбаганы үчүн деп 14 мамлекеттик медициналык билим берүү уюмунун жетекчилерине сөгүш берди. Мындай чечим 24-ноябрда министрликтин кеңешмесинде кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
14 мекеме тең бир жылдык мөөнөткө мамлекеттик аккредитация алган жана алардын катарында медициналык коллеждердин, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилери бар.
Мындан тышкары, төрт мамлекеттик университеттин ректорлоруна билим берүү процессинин сапатын тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыгы жана кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн медициналык факультеттердин декандарына чара көрүү сунушталды.
Жыйында бюджеттик формада окуган бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жетиштүү деңгээлде уюштурулбаганы да белгиленди.
Министр ординатурага тапшыруу системасын өзгөртүп, бирдиктүү сынак киргизүүнү жана адистиктер боюнча орундарды бул тармактагы муктаждыкка жараша аныктоону сунуштады. Мындан тышкары дарыгерлерди аймактарга жөнөтүүдө ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнө турган мүмкүнчүлүктү көбүрөөк колдонууга чакырды.
Министрликтин маалыматына караганда, 2025-жылы гранттык негизде окуган 298 бүтүрүүчүнүн 167си аймактарга жөнөтүлгөн.
Акыркы жылдары Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздиги жана алыскы аймактарга жөнөтүү маселеси көп көтөрүлүп келет. Өкмөт буга байланыштуу дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алууга шарт түзүү жана башка программаларды киргизүүдө.
Шерине