Адвокат Нурбек Токтакунов Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун "социалдык тармактарга чыгарган тизмеси боюнча милициянын аракетсиздигине" байланыштуу сотко даттанды. Бул боюнча сот отуруму 25-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда өтөт.
“Орунбековду суракка чакыруудан корккон жана “Түндүктөн” суроолоруна жооп алууга милдеттендире албаган милициянын тергөөчүсүнүн үстүнөн берген арызыбыз каралат”, - деп жазды Токтакунов.
Мындай билдирүү боюнча Ленин райондук милициясы комментарий бере элек.
Ушундай эле даттануу Ленин райондук сотунда буга чейин 24-сентябрда да каралган. Анда милиция кылмыш ишин козгоодон баш тартканына каршы даттануу берилген. Сот отурумуна прокурор милициянын кылмыш ишин козгоодон баш тартканы боюнча чечимин жокко чыгарган токтомду көрсөткөн. Бул документке ылайык, милиция Орунбековго жана “Түндүк” ишканасына байланыштуу териштирүүнү улантууга милдеттендирилген.
Орунбеков 20-июлда Фейсбукка пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер тууралуу терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Ал мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга “Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.
Ошону менен катар ал аталган саясатчыларга жакын жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү жана туулган күнү көрсөтүлгөн тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Камчыбек Ташиев тууралуу сөздү алып салып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүргөн.
Постто аты аталган юристтер (анын ичинде Нурбек Токтакунов да бар), укук коргоочулар, активисттер жана саясий серепчилер Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүн кескин сынга алып, мамлекеттик кызматкер алардын “Түндүк” системасындагы жеке маалыматтарын ачыкка чыгарып жибергенине нааразылык билдиришкен.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү башталганын билдирген.
“Түндүк” ачык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында белгилүү болгон.
Иш башкармалыгы бул маселеге байланыштуу комментарий бере элек.
Шерине