Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк айыл аймагында казуу иштерин жүргүзүүнү токтотууга чакырды. Бул маселени ал 25-ноябрда парламент жыйынында көтөрүп, Аламүдүндүн жогору аймактарында казуу иштерине мораторий киргизүүнү сунуш кылды.
"2022-жылы президентибиз жарлык чыгарып, Боз-Бөлтөктү корук катары коргоону тапшырган экен. Ага карабай, ал жерде карьерлер иштеп жатыптыр. Бир сунуш бар эле – Аламүдүн районунун жогорку аймактарында мораторий киргизип, кум-шагыл казууга, иштетүүгө тыюу салып, экологиябызды сактап калбайлыбы деген ой", - деди Алымбеков.
2023-жылы "Азаттык" президенттин Боз-Бөлтөктөгү кум-шагыл казууну токтотуу, аны тарыхый-архитектуралык корукка айлантуу жөнүндөгү тапшырмасы аткарылбай жатканы боюнча иликтөөсүн жарыялаган.
Ошол жылы маселе Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде көтөрүлүп, өндүрүш ишканалары жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келтирип, “Кызыл китепке” кирген өсүмдүктөр жана жаныбарлар жок болуп, Байтик, Таш-Дөбө, Орок айылдарындагы жайыттар кыскарып жатканы айтылган.
Кийин өкмөт Боз-Бөлтөк тоосунда Байтик баатыр атындагы чакан корук ачыла турганын билдирген. Мындай чечим Байтик баатырдын ысымын түбөлүккө сактоо жана жагымдуу экологиялык чөйрөнү колдоо максатында кабыл алынып жатканы, ал жерге тарыхый-маданий корук макамы берилери кабарланган.
Шерине