ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:30

Активист Күрөңов абакта "мыйзамсыз кармалып турганын" адвокаты айтып чыкты

Тилекмат Күрөңов.
Тилекмат Күрөңов.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 25-ноябрда активист Тилекмат Күрөңовдун (Кудайберген уулу) иши боюнча соттук териштирүү уланды.

Адвокат Асел Аргымбаева активист 45 күндөн бери мыйзамсыз кармалып турганын “Азаттыкка” билдирди.

"Мыйзамда камакта кармоо мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш экени так жазылган. Бир жылдык мөөнөт быйыл 10-октябрда аяктаган. Бүгүн анын мыйзамда каралган эң жогорку мөөнөттөн ашык кармалып жатканына туура 45 күн болду. Биз камактагы бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча бир нече жолу өтүнүч келтирдик. Бирок сот биздин жүйөлөрдү эске албай жатат", - деди Аргымбаева.

Күрөңов өзү соттук териштирүүнүн узакка созулганын саясий чечим деп атады. Активисттин атасы Кудайберген Күрөңов уулунун саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, анын азыркы абалын кыйноого салыштырды.

Айтымы, Тилекмат өзү даттанганбаганы менен жакындары август-сентябрь айларынан бери абалына кабатыр болуп келишет, ден соолугун текшертип берүү өтүнүчтөрүнө тийиштүү мекемелерден жооп болгон эмес.

"Тамак ичпей, кыйналып, өткөндө "Тез жардам" чакырылып, жардам көрсөтүлдү. Ал жөн жерден эле болгон жок да. Албетте, кыйноо да. Даана эле кыйноо. 10-октябрдан кийин бир беткей болушу керек эле да. Камакта мыйзамсыз кармап жатышат".

25-ноябрдагы отурумда төрт жаран күбө катары суралмак болуп, процесске катышкан жок. Кийинки отурум 3-декабрга белгиленди.

Тилекмат Күрөңов тергөө абагында басымга кабылып жатканын жубайы 25-сентябрда айтып чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты төгүндөп, ЖАМКнын иши жогору турган мамлекеттик мекемелердин жана прокуратуранын көзөмөлүндө экенин, соттолгон адамдардын, камакка алынгандардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары сакталарын билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот активистти Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу ал 2022-жылы эркиндикке чыккан. Өзү коюлган айыптарды четке каккан.

Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууну убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубайга барган. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Эмил Жамгырчиев экөө кездешкен соң паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен аны полиция кармаганын жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Эмил Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ошол бөгөт чара уланып келатат.

​
XS
SM
MD
LG