Бишкек шаардык соту 26-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Максат Кунакуновдун бөгөт чарасына байланыштуу апелляциялык арызды карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кунакуновдун жакындары билдирди.
Адвокаты Анвар Курмушиевдин айтымында, Кунакунов 20-сентябрда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 10-ноябрга чейин камакка алуу бөгөт чарасы тандалган. 5-ноябрда анын абактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчү каралып, 10-декабрга чейин узартылган. Жактоочулары бөгөт чараны өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген.
Кунакуновдун камакка алынганы анын уулу Ала-Арча капчыгайында тоодо калып, каза болгондон кийин коомчулукка белгилүү болду. Бишкек шаардык милициясы ал «алдамчылык» беренеси менен кармалганын билдирген.
Маалыматка караганда, И.Т. аттуу жаран У.Ы. аттуу адамдын үстүнөн арыз менен кайрылган. Арызда ал ишенимине кирип, Бишкекте базар куруу жана соода орундарын берүү шылтоосу менен ири суммадагы акча алганын билдирген.
Арызда айтылгандай, жалпы келтирилген зыяндын көлөмү 3 миллион 450 миң долларды же 301 миллион 702 миң 500 сомду түзгөн.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө У.Ы. жана М.К. аттуу эки жаран кармалып, Бишкек шаардык милицясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин аларга айып тагылып, Биринчи май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.
10-ноябрда Кунакуновдун жубайы президентке кайрылып, күйөөсү мыйзамсыз кармалганын, аны алдап кеткен жаран "президенттин атын сатып тергөөгө таасир этип" жатканын билдирген.
"Жолдошумдун мыйзамсыз камалышына Абдыманап Бегишев жана Улукбек Ырысбеков деген адамдар себепчи болуп жатышат. Абдыманап Бегишев, «Манап» деп таанылган киши менен Улукбек экөө Максаттын ишенимине кирип, аны алдап, биз жашап жаткан үйүбүздү жана бизнесибизди нотариалдык түрдө өздөрүнө өткөрүп алышып, ага дагы тойбой, күйөөмдү каматып салышты", - деп жазган.
Кунакуновдун уулу Амир Ала-Арча капчыгайында каза болуп, сөөгү 9-ноябрда табылган. Атасы баласын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан.
Шерине