ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

"Медиахабдын" кабарчысы иликтөөсүнө байланыштуу милицияга сурак берди

"Медиахабдын" аталган иликтөөсүнөн алынган кадр.
"Медиахабдын" аталган иликтөөсүнөн алынган кадр.

"Медиахабдын" журналисти Асел Шамилова 24-ноябрда милицияга сурак берди. Бул тууралуу медианын Фейсбук баракчасына жарыяланган видеодо адвокат Бакыт Автандил кошо киргени, үч сааттай сурак берилгени айтылат.

"Медиахабдын" журналистинин үстүнөн Тоң райондук милициясынын мурдагы орун басары – журналисттик иликтөөдө аты аталган Улан Кыдыралиев арыз жазган. Материалда анын аялы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы тууралуу айтып берген.

Адвокат Бакыт Автандил тергөөчү иликтөөдө материалдарды эмне үчүн колдонгону боюнча суроо бергенин, жактоочу зордук-зомбулук жана башка мыйзам бузуу фактыларын чагылдырганда материалдарды ачыкка чыгарууга мыйзам жол берерин түшүндүргөнүн айтты:

"Азыр тергөө жүрүп жатыптыр. Башка адамдар да суракка алынат экен. Ошонун жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарышы керек. Ошол кызматкер жыныстык мүчөсүн сүрөткө тартып, ал материалды өзү жайылтып жатат. Аны аялы таап алып, менин укугумду бузуп, зомбулук көрсөткөндөн тышкары ушундай ыплас аракеттерге барат деп журналисттерге айтып берип, аны жарыялашса, ошону кылмыш деп арызданып жатат", - деди Бакыт Автандил.

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы «Медиахабдын» үстүнөн арыз 9-октябрда жазылганын, арыз ээси иликтөөдө анын аброюна шек келтирген маалыматтар, жеке кат алышуулар жана интимдик мүнөздөгү сүрөттөр анын уруксаты жок жарыяланганына даттанганын билдирди.

"Жаран К.У. өз арызында аталган материалдарды мурдагы жубайы А.А. аны дискредитациялоо максатында берген болушу мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле окуяга тиешеси бар адамдардын, анын ичинде "MediaHub" редакциясынын жооптуу кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүнгөн. Учурда арыз белгиленген тартипте катталып, анда көрсөтүлгөн жагдайларды текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

"Медиахаб" 7-октябрда «Милиция күйөөм үч жыл кордоду» деген аталыштагы материалын жарыялаган. Анда Тоң райондук милициясынын башчысынын ошол кездеги орун басары Улан Кыдыралиевдин жубайы үй-бүлөлүк зобмулукка кабылганын жана ал кол алдындагы кызматкерлерге ыдык көрсөткөнүн айтып берген.

Иликтөө жарыялангандан кийин Кыдыралиев өз арызы менен кызматтан кеткен.


​
XS
SM
MD
LG