25-ноябрда Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн окумуштуулары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөрү суу ресурстарын башкаруу боюнча 2027-жылга карата негизги багыттарды аныктоо үчүн чогулушту.
Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) Blue Peace Central Asia (BPCA) демилгеси уюштурган жыйында аймактагы мөңгүлөрдүн азайышы, кар катмарынын кыскарышы, дарыялардын агымынын өзгөрүшү, суу ташкындары, суунун сапаты жана жер астындагы суулардын абалы талкууланды.
Эксперттер климаттын өзгөрүшү суу ресурстарына тийгизип жаткан таасирлер боюнча жаңы изилдөөлөрдү сунуштап, суунун сапатын көзөмөлдөөнүн маанисине токтолушту. Мындан тышкары, аба ырайы боюнча маалыматтарды сугат иштерин пландоодо колдонуу, дарыялардын агымын алдын ала божомолдоочу жаңы куралдар, санариптик технологиялар жана туруктуу инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Суу дипломатиясын өнүктүрүү, чек ара аркылуу агып өткөн чакан дарыялар боюнча кызматташтыкты күчөтүү жана жаңы муундагы суу тармагынын адистерин даярдоо маселелерине басым жасалды. Ошондой эле суу дипломатиясы боюнча биргелешкен магистрдик программа ачуу демилгеси талкууланды.
BPCA долбоорунун менеджери Александр Николаенко Борбор Азияда суу боюнча сапаттуу илимий маалыматтар жетиштүү экенин, негизги маселе бул маалыматтарды суу ресурстарын бөлүштүрүү жана башкаруу боюнча чечим кабыл алган адамдарга жеткирүү экенин белгиледи.
Шерине