ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Трамп Путинди "Европадагы согуштук аракеттерди токтотууга" чакырганын айтты

Дональд Трамп жана Владимир Путин. Кытай, 2026-жылдын 19-ноябры.
Дональд Трамп жана Владимир Путин. Кытай, 2026-жылдын 19-ноябры.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен Кытайдагы жолугушуусунда аны Европадагы бардык аскердик агрессияны токтотууга чакырганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-ноябрда Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Трамптын айтымында, сүйлөшүүдө негизги көңүл Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга жана тараптардын мүмкүн болушунча тезирээк келишимге жетишине бурулган.

«Путин Европадагы бардык аймактарга каршы аскердик агрессияны токтотсо экен деп кааларымды айттым. Орусия менен Украина ортосунда тез арада макулдашууга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар деп эсептейм», - деп жазды ал.

АКШ президенти Украинадагы согуштан улам ай сайын миңдеген адамдар каза болуп жатканын белгиледи.

Трамп ошондой эле 25-ноябрда Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолукканын билдирди. Анын айтымында, бул жолугушууда Путин менен сүйлөшүүлөрү тууралуу да сөз болду.

19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэн шаарында АТЭС саммитинин алкагында АКШ, Орусия жана Кытай лидерлеринин тарыхтагы алгачкы жолку үч тараптуу саммити өткөн. Андан кийин Трамп Путинди бир нече жолу «досум» деп атап, экөөнүн ортосунда «сонун мамиле» бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG