Кыргызстанда бир катар министрликтер менен мамлекеттик мекемелер жарандарды президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендерди «Түндүк» системасы аркылуу колдоого чакырууда. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев да Фейсбуктагы баракчасына кайрылуу жарыялап, кол топтоо өнөктүгүнө активдүү катышууга чакырды.
25-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мөөнөт аяктап баратканын белгилеп, жарандарды талапкер болуучуларды колдоого үндөгөн.
“Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. “Түндүктө” эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу”, - деп жазган Алагөзов.
Президенттик шайлоодо талапкер болом деген 11 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. 25-ноябрга карата алардын алтоо – Сыймык Жапыкеев, Садыр Жапаров, Исхак Масалиев, Бактыбек Калмаматов, Клара Сооронкулова жана Аймен Касенов 30 миңден ашык кол топтогон. Калган бешөөнүкү уланып жатат.
Мыйзамга ылайык, талапкер болуп катталуу үчүн 8-декабрга чейин ар бири 30 миңден кем эмес кол топтошу керек.
18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик шайлоодо талапкер болом деген сегиз кишини кабыл алган. Жолугушуудан кийин социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, шайлоого аттангандардын баарын “Түндүк” тиркемесинен колдоп коюуга чакырган.
18-ноябрда “Түндүк” тиркемесинде талапкерлерге кол чогултуу бөлүмүнүн иши үзгүлтүккө учураган. Талапкер болуу үчүн арыз берген Бактыбек Калмаматов бул көрүнүштү сынга алып, шайлоо процессине карата күмөн саноо пайда кыларын айтып чыккан.
“Кызмат” ишканасы бул техникалык мүчүлүштүк ошол күнү эле оңдолгонун, бул кол чогултуунун ачык-айкындыгына доо кетирбей турганын түшүндүргөн.
Президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январында өтөт.
Шерине