Түштүк Кореяда жапырт мушташтан бир нече кыргызстандык жараат алганы маалым болду

A protester holds the South Korea flag during a candlelight rally calling for the ouster of South Korea President Yoon Suk Yeol at the National Assembly in Seoul on December 5, 2024.

4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында жапырт мушташ учурунда бир нече кыргыз жараны денесинен жараат алышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

Маалыматка ылайык, жапырт мушташ катталган күнү эле Кыргызстандын аталган өлкөдөгү консулу окуя болгон жерге ыкчам барып, кармалган кыргызстандыктар, Түштүк Кореянын укук коргоо жана медициналык кызматкерлери менен жолугушууларды өткөргөн.

"Жараат алган мекендештердин абалына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Жараат алган жана кармалган кыргызстандыктардын туугандары менен байланыш түзүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

ТИМдин басма сөз кызматы аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турганын кошумчалады.

Буга чейин Түштүк Кореянын жергиликтүү басылмалары Пхёнтхэк шаарында Борбор Азиядан барган жарандардын арасында жапырт мушташ болгонун жазып чыгышкан. Социалдык тармактарда мушташка Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын жарандары катышып, түрдүү жараат алгандар бардыгы тууралуу маалыматтар тараган.

ТИМдин маалыматына ылайык, бул өлкөдө 15 миңге жакын кыргызстандык эмгек мигранты иштейт. Анын ичинде 1600дөн ашуун кыргызстандык EPS программасы аркылуу мыйзамдуу иштеп жүргөндөр.(ZKo)

Дагы караңыз

Саясатчылардын соту: Султанбековду 9, Атамбаевди 7,6 жыл абакка кесүүнү прокурор сурады"Аалым блогер эмес". Кыргызстанда диний контенттер жөнгө салынабы?Рубио АКШ Орусиядагы кара тумоо тууралуу маалыматтарга көз салып турганын билдирди"Ала-Тоо Резорт" Жыргалаңдагы кластер үчүн 35,4 млн сомдук техника сатып алат