Жаңы талапка ылайык, диний контент жаратуучулар адегенде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына (Муфтият) же башка уюмдарга барып, диний билими бар-жогун тастыктайт.
Андан кийин кайсы жаатта блог алып бара турганын айтып, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен бир жылга күбөлүк алат.
Бул аралыкта туура эмес деп аныкталган ишмердик жүргүзүп, ошондой идеологияны таратып же мыйзам бузууга баргандардын күбөлүгү чектелип, кийинки жылга берилбейт.
"Динди мисал келтирсем да уруксат аламбы?"
Эркин журналист Эрнис Кыязовдун YouTube платформасында эки каналы бар. Биринде коомдо ар кандай ишмердик жүргүзгөн адамдар менен маектешет.
Экинчи каналынан автордун исламга негизделген “Эгер ыйманың алсыраса”, “Мусулмандар көп, бирок коркокпу?”, “Кудайга ишенесиз... бирок кантип?” өңдүү ж.б. ой-толгоолорун көрүүгө болот.
Кыязов диний контентке байланыштуу жаңы талапка түшүнө албай жатканын жашырган жок.
“Подкасттарды бул талап чыкканга чейин алып жүрдүм да. Жаңы уктум. Таанып, талдашым керек. Алар деле балта менен кесе чаппай, жол-жоболорун көрсөтүшү керек го. Кайсы учурда кандай болушу керек деген пункттары бардыр, балким. Мен адис чакырам, ал “документим жок” дейби же келе береби, билбейм, кандай болот. "Куранда ата-энени сыйла деген хадис бар экен" десемчи? Ошону айтыш үчүн дагы уруксат аламбы? Кээде бир нерсени айтып жатып, “динде деле ушундай экен, хадисте айтылган” деп коесуң да. Бир блогер маектин ошол жерин кесип алып, мага жакты деп жарыялап салса кандай болот?”, - деди Кыязов.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков дагы өзүнүн YouTube каналында жаштарга акыл-насаат айтып келет.
“Блогер деген жаңы тармак болуп жатпайбы. Ким диний блогер, ким диний эмес блогер дегенди тактап алыш керек. Азыр элдин баары эле кайсы бир деңгээлде блогер, медик, саясатчы болуп кетти да. Атеист адам дагы дин тууралуу айтышы мүмкүн. Андыктан муну аныктоо абдан татаал. Ибн Халдун, Жусуп Баласагын, Юнус Эмре, Жалалиддин Руми баштаган ойчулдардын эмгектеринде диний парадигма бар. Руминин сөзүн динге тиешеси жок деле адам мисал келтириши мүмкүн. Чоң өлкөлөрдүн лидерлери Курандан мисал келтирген учурлар бар. Ал жагы кандай болот? Аалымдарды “диний блогер” деп аташтын өзү туура эмес. Алар окуган, билим алган дегендей. Терминологияга жеңил-желпи карабаш керек”, - дейт Кадырбеков.
“Дин темасында контент даярдагандар уруксат алышы керек” деген жаңы талап коомчулукка өткөн жумада белгилүү болгон.
Агенттиктин башкы адиси Нургазы Кыргызбаев жергиликтүү медиалардын бирине жаңы мыйзамга "диний насаатчы" деген термин киргенин, блогерлер аны сактоого тийиш экенин айткан.
“Бул жалпы эле интернеттеги подкаст алып барып жаткан, диний жаатта ишмердүүлүк жөнүндө сүйлөп чыгам деген, баян айтам деген дин кызматкерлери жана блогерлер дагы ушул мыйзамдагы талапты эске алышы керек", - деген ал.
Кыргызбаев эске салган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам 2025-жылы 25-январда кабыл алынган.
Ага ылайык, диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер катары диний уюмдар, диний окуу жайлар, диний насаатчылар, миссия жана миссионерлер, диний кайрымдуулук фонддору көрсөтүлгөн.
Бул каттоого турбагандарга диний ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
"Динди сүйлөш үчүн билим керек"
Юрист Эржан Сулайман бул жерде диний эркиндикти кандай түшүнөбүз жана аны кандай ишке ашырабыз деген маселе жатканына токтолду. Ал мыйзам сөз эркиндигине, адам укугуна жана Баш мыйзамга каршы келбеши керектигин мисалдар менен негиздеди.
“Менин түшүнүгүмдө, бул жерде аалымдар, молдолор тууралуу кеп болууда. Алар өзүнүн социалдык баракчасында диний, агартуучулук иштерди жүргүзөт. Сабактарды окуйт же оффлайн сабактарды интернетке жүктөйт. Ошол учурда алардын исламий жогорку билими барбы деген суроо жаралат. Алар Муфтиятка билимин тастыктаганда гана контент жүргүзүүгө уруксат берилет. Бул жагынан карасак талап туура. Бирок, экинчи жагынан, Нурбек же Айбек туткан дини тууралуу социалдык медиага ой бөлүшсө, “сенин уруксатың жок” деп чектөө киргизсек, бул сөз эркиндигине, адам укугуна жана Баш мыйзамга кайчы келип калат. Буга жол бербешибиз керек. Подкасттарга ар кандай адам келип, жашоонун кайсы бир этабында бурулуш болгонун, ошондон кийин жараткандын мыйзамына баш ийгенин айтса, ага дагы тыюу салынышы мүмкүн деген тобокелдик бар. Дин тууралуу айтууга чектөө кирген жерде нааразылык, радикалдашуу күчөп, мамлекетке ишеним төмөндөйт”.
Жаңы талапка дин темасында контент жасаган бир катар блогерлер жана адамдар сын айтышууда.
“Стримде сөгүнгөндөргө чара көрүлбөй, элди ыйманга үндөгөндөр чектелгенин” түшүнө албай жатканын айтып, капа болгондор да жок эмес.
Анткен менен Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жумадыл Акматжан дин жаатында атайын билими барлар гана маалымат бериши керек деген пикирде.
“Диний сабаттуулук же диний билим берүү маселесинде адистер гана сүйлөшү керек. Өткөн жылы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамында бул так көрсөтүлгөн. Башка өлкөлөрдө, Египет, БАЭде деле адистер дин жаатында билими болбосо сүйлөй албайт. Мен алардын тажрыйбасын изилдеген эмесмин, бирок ушундай. Диний контент даярдагандарда диний билим болушу керек. Андай болбогон учурда үгүт болуп калат”.
Диний насаатчы деген ким?
Учурда диний контент даярдоого уруксат алуу үчүн толтурулуучу атайын форма Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин расмий сайтына жайгаштырылды.
Аталган мекеменин басма сөз катчысы Жунусаалы Мырзалиев диний насаатчылар кимдер болорун жана жаңы талап кандай иштерин тактады.
“Жаңы мыйзамдагы диний насаатчы деген сөз диний жаатта иш алып барган жарандарга тиешелүү. Бул пункт социалдык тармактарда диний насаат айткандарга да тиешелүү. Бирок кандайдыр бир блогер диний аалымды чакырып же диний маалыматты бөлүшсө, ага уруксат кагаздын кереги жок. Мыйзамдын жаңыланышы коомдук коопсуздукка, анын ичинде маалымат коопсуздугуна байланыштуу. Диний билим албаган адамдар эле ар кандай маалымат таратууда. Эгер адам чындап бул ишмердик менен алектенүүнү кааласа, диний билим алып же бир уюмдун атынан чыгышы керек. Мисалы, сиз буддизм тууралуу пост жазсаңыз же бирөө менен ал тууралуу маектешсеңиз анда уруксаттын кереги жок. Бирок атайын баракча ачып, буддизм тууралуу контенттерди байма-бай даярдап турам десеңиз, анда уруксат алууга туура келет”.
Жунусаалы Мырзалиевдин белгилешинче, исламдан башка буддизм же христианчылык тууралуу насаат айта тургандар ошол уюмдарга барып, билимин тастыкташы керек.
Социалдык тармактарда диний ишенимге байланыштуу талаш-талкуу дайыма болуп келет. Айрым учурда теңир түшүнүгүн жактагандар менен исламды тутунгандар эки жаат болуп, кайым айтышкан же бири-бирин мазактаган учурлар бар.
Жунусаалы Мырзалиев теңирчилик дин катары каттоого алынбаганын эске салды. Бирок ишенимге шек келтирген учурда жоопкерчилик караларын, бул ишти ИИМ көзөмөлдөй турганын эске салды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 2024-жылы август айында Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, андагы айрым беренелер дин чөйрөсүндө талаш-тартыш жараткан. Андан кийин мыйзам долбоорун атайын жумуш тобу кайра иштеп чыккан.
Бул мыйзамга ылайык, айрым диний агымдардын өкүлдөрүнө мурдагыдай үймө-үй кыдырып даават же үгүт жүргүзүүгө болбойт.
Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттик башкарууга аралашпай турганы жазылган. Конституция ар бир жарандын дин тутуу эркиндигине кепилдик берет.
Өлкөдө жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. 2,6 миңдей мечит, 100дөн ашык медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны 399, калгандары башка диндерге таандык.
Шерине