Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 21:16

Ислам бардар жашоого тыюу салбайт


Elmurat Kochkor uulu
Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун кезектеги макаласы.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Мал-мүлккө азгырылбай, жупуну жашоо...

Материалдык байлыктын кулу болуу, көр оокатты жашоонун маңызы катары кабылдоо бир топ динде күнөө катары сыпатталат.

Индияда садху жана йоги деп аталган катмар руханий жетилүүнү башкы орунга коюп садака менен жан баккан, мал-мүлктөн оолак жашаган кишилерден куралган. Булар буга диний озуйпа катары карашат.

III кылымда Иранда пайда болгон манихеизм диний окуусунун "беш буйрук" деп аталган эң маанилүү насааттарынын бири мал-мүлккө баш-оту менен азгырылбай, жупуну жашоо болгон.

Христиан дининде кээ бир кечилдер өздөрүн коомдун ызы-чуусунан, көр тириликтен оолак кармап, диний ибадаттар менен гана алек болгон.

Даосизм, конфуцианизмде, исламдын айрым агымдарында да ушундай түшүнүктөр бар.

Бирок мындай түшүнүктөр учурдагы реалдуу жашоого кээде карама-каршы келиши мүмкүн. Анткени экономикалык жактан көз каранды коом бардык жагынан толук эркин боло албайт. Мындай коомдо адамдар укугун, ар-намысын коргоп, адеп-ахлагын таза тутуп жашай албайт, диний озуйпаларын да өтөсүнө чыгара албашы анык.

Дүнүйө мүлкү жана аз Мухаммеддин чөйрөсү

Азирети пайгамбар дүйнө салгандан кийин кызы Фатима атасынан калган мурасты ошол учурдун халифасы, азирети Абубакирден талап кылганы тууралуу рываяттар бар.

Абубакир ошондо Фатимага "Пайгамбардан мүлк калбайт, андан дин гана калат..." деген маанидеги жооп кайтарып, материалдык байлык мамлекетке тиешелүү экендигин жактагандыгы айтылат.

Исламда мал-мүлккө кызыгууну чагылдырган окуя жетиштүү. Мисалы, меккелик сахабалар менен мединалык сахабалардын карым-катнашы тууралуу икая.

Ислам тарыхынан белгилүү болгондой, азирети пайгамбар Меккеде жашоо кооптуу боло баштаганда Мединага көчүп барган.

Меккеден азирети Мухаммед менен Мединага кошо барган сахабалар (мухажирлер) үй-жайын, жада калса үй-бүлөсүн таштап качып барышкан.

Кийин, өзгөчө соодага шыктуулары соодага өтүп байып кеткен. Мына ошондо мединалык сахабалардан (ансарлардан) арасынан аларга ичи тарып, ийгилигин кызгангандар чыккан.

Кийин, мухажир-ансар болуп чогуу жашап, чогуу жортуулдарга чыгып жүргөн жылдары да согуштан түшкөн олжону бөлүштүрүүдө "...аларга көп кетип калды, бизге аз" деген арыз-муңдар чыгып, пайгамбарга даттангандар болгон.

Пайгамбар аларды тынчтандыруу үчүн мүмкүн болушунча мүлктү тең бөлүштүрүп, кээде "...алар мунусунда көбүрөөк олжо алсын. Мен силерге өзүмдү жакын сезем, ушунун өзү силерге жетпейби?.." деп жеке кадырын ортого салган учурлар тууралуу икаялар кездешет.

Учурда балдарын мектепке жибербей, телевизор көрүүнү күнөө катары эсептеген агымдардын өкүлдөрү бул жоругун пайгамбардын баскан жолу менен түшүндүргүсү келет. Пайгамбардын өмүр жолунда деле андай күндөр башынан өткөн. Бирок аны ал дайыма өп-чап турмушта жашагандай пропагандалоо чындыкты бурмалоого жатат.

Пайгамбардын соода-сатык менен алектенген бай аялга баш кошконун эске алганда, ислам динин аңдап жашагандар деле материалдык кызыкчылыкты эби менен пайдаланган. Бул табигый жана кадыресе нерсе катары кабыл алынышы керек.

Мына ушул жерден "Мал-мүлккө ээ болуп, бардар жашоонун табигый экенин пайгамбардын кызы жана достору көрсөтүп кетсе, анда исламда материалдык байлыктан категориялык түрдө баш тартууну диндарлык/такыбалык катары көргөн көз караш кантип пайда болду?" деген суроо жаралбай койбойт.

Бул түшүнүк балким, жогоруда сөз болгон башка диндердин таасиринен, же синтезинен пайда болгон деген ой жаралышы мүмкүн.

Ошол эле маалда элди оңой башкаруу үчүн кул мүнөз, ийкемдүү адамдар басымдуу коомду жараткысы келген лидерлердин саясий мүдөөсү болушу мүмкүн.

Болбосо табигый жараяндын натыйжасы катары калың катмарга сиңген болушу мүмкүн. Алсак, мусулман коомчулугунда тассаввуфчулар (эң жакын мааниси катары исламий мистиктер) мал-мүлктөн оолак турууну пазилет (эрдем же парз) көргөн.

Негизи эле тасаавуф дисциплинасынын пайда болуу жараянын эске алганда муну түшүнүү кыйынга турбайт. Тасаввуф тартиби азирети пайгамбардын көзү өткөндөн кийин мусулмандар дүйнө иштерине көп берилип кеткенде, исламдын адамдын руханий дүйнөсүнө, анын акыретине басым жасаган жагын кайра жандантуу максатын көздөгөн.

Маалым болгондой, тасаввуф кишинин ички дүйнөсүнө, руханиятына кайрылып, напсини тарбиялаган ибадаттын түрлөрүнө басым жасайт.

Демек, табигый бир реакция катары пайда болгон дисциплинанын таасиринен, кийинчерээк тасаввуфтун жалпы мусулмандардын үстүндөгү таасиринин артышынан улам тасаввуфтун пайда болуу идеясы деградацияга учурашы мүмкүн.

Башкача айтканда, тасаввуфтун "дүнүйө иштерине баш-оту менен кирип кетпөө керек" деген башкы идеясы, барып-барып материалдык кызыкчылыктан болушунча оолак туруу - диндарлык (такыбалык) деп кабыл алына башташы болушу да толук ыктымал.

Айтор мунун себебин же себептерин так кесе белгилөө кыйын. Анын үстүнө бул бүгүн биз козгой турган маселе эмес.

Биз бул макалабызда кедей-кембагал болуп жашоонун ислам сунуштаган жашоо таризине канчалык коошуп же коошпогондугу тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Китепте эмне деп жазылган?

Ислам тууралуу сөз болгон жерде булак катары Куран эң башкы орунда турууга тийиш. Учурда мусулмандардын басымдуу бөлүгү Курандан мурда өзү ээрчиген аалымдын, шейхтин же мазхабынын китебине кайрылып, бир мааниде Курандын маанисинен алыс мусулманчылык жайылып бараткандыгын танууга болбойт.

Албетте, бул туура эмес жана мусулман ой-чабытындагы кризистин себептеринен бири да – ушул; мусулмандардын Курандын маанисинен алысташы.

Куранда негизинен барчылыкта жашоого категориялык тыюу же үндөө жок. Бакара сүрөөсүнүн 274-аятында байлыгын, мал-мүлкүн жакшылыкка сарптагандарга алкыш айтылганын гана көрүүгө болот.

Курандын жалпы контекстинен да бул түшүнүктү, б.а. адамдарга жакшылыгы, пайдасы тие турган болсо, анда барчылык да баалуу нерсе деген тыянакка чыгарууга болот. Бул толугу менен логикалуу жана табигый жагдай. Бул ой кийинки доорлордогу идиректүү ислам аалымдарынын жоромолдорунан кезигет.

Өз учурунда Курандын дал ушул логикасын жакшы түшүнгөн Ислам аалымы, XI кылымдын көрүнүктүү ислам аалымы (Куранды чечмелеген) Рагып ал-Исфахани "акылдуу адам асыл-нарктуу иштерди жасоо үчүн, ал эми акмак адам бай болуш үчүн эле байыйт" деп айткан.

Андалусиялык философ Ибн Хазм (994-1064) терс сапаттарынан улам адамдарды ар кыл айбанга салыштырган экен. Кызыгы, ал эч кандай максаты болбостон, жөн гана байлыкты сүйгөнү үчүн байыгысы келген кишилерди, алтургай бир айбанга да окшотсо болбой турганчалык пас макулук катары сыпаттаганы маалым.

Курандын бул маселедеги логикасы жана кийинки доорлордогу бул аалымдардын оюн жыйынтыктай турган болсок, ислам жокчулукту, кедейликти бир баалуулук катары жактабайт. Тескерисинче, байлыгын жакшылыктарга (соопчулукка) сарптоо үчүн байыганга үндөйт десек болот.

Диний ишмердүүлүк жана чын ыкластуулук

Диний ишмердүүлүктө чын ыкластуулук шарт. Кедейчиликти динге байлап пропаганда кылуу акылга, логикага жана реалдуу жашоого каршы.

Бир нече жыл мурда, мурдагы муфтийлердин биринин "Бүгүн жей турган наның болсо, эртеңкинин дартына түшүү – акмакчылык. Бүгүн ырыскы берген Кудай эртеңкини да берет, сен анын убаракерчилигин бүгүн тартпа..." деп сөөмөй кезеп насаат айтып жатканын көргөм.

Бирок ал муфтий ошол кезде эле жеке бизнестерге аралашып, эки кабат үйдө жашап, машинелерди алмаштырып минип жүргөн.

Ошол себептүү кыргыз коомундагы аалым, динзарларга собол узаткым келет: жокчулукта жашоо диний озуйпабы?

Ислам Кызматташтык Уюмуна ондогон мусулман өлкөлөр мүчө. Бул өлкөлөрдүн жалпы өндүрүмдү экспорттоо көлөмү дүйнөдө экспорттолгон продукциянын 12% гана түзөт.

Бул 2,1 триллион долларга тете экен. Тилекке каршы мунун жарымына жакыны мунай жана табигый газ. Завод-фабрикада кайра иштетиле элек, ак эмгек катышпаган өндүрүм гана. Жалпак тил менен айтканда, бул Кудай берген табигый байлыкты сатып, жыргаган көрүнүштөрдүн бир үзүндүсү эле экен...

Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө 49 мусулман өлкөдө (мүчөлөрдүн 76%) жарандардын жылдык кирешеси 2000 доллардан ашпайт. Бул деген сөз айтылуу 49 өлкөдөгү жарандар, орто эсеп менен алганда, айына 200 доллар табат. Уюмга мүчө 38 мусулман өлкөдө (мүчөлөрдүн 67%) жарандардын жылдык кирешеси 500 доллардан ашпайт. Бул аталган өлкөдө адамдар айына 50 долларга жетпеген маяна үчүн иштейт дегенди түшүндүрөт.

"Кедей жашаган киши бейишке эрте кирет" деп алды артын ойлонбой сүйлөп, өзүн жупунулуктун бурканы катары таанытып, маашырланган диний лидерлер, мусулман ааламындагы дал ушундай экономикалык абалдын жаралышына салым кошуп жатканын аңдашабы?

Айына 50 же 100 доллар маяна менен тиричилик кылган киши берилип китеп окуганга, ыклас менен ибадат кылганга убакыт таба алабы? Мындай кирешеси чыгашасын жаппаган чөйрөдө калыс, такыба, арам ишке жакындабаган абалда жашап өтүү канчалык мүмкүн?

Бир тараптан өндүрүшкө салым кошпогону аз келгенсип, андан оолак турууну сооп көрүп, натыйжада пайда болгон экономикалык абалдан улам шарияттын өкүмдөрүн толук жашай албай жаткан бурадарларды мечиттеги диний насааттарда зекип, кемсинтип, алардын кишилик ардагын майкандоо канчалык туура?

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG