Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Көз ирмем менен түбөлүктүн айкалышы


Мухаммед пайгамбардын миражга көтөрүлүшү, б.а. Кудай менен кездешүүсү жөнүндөгү баяндын бир кырын сөз кылалы. Балким, мезгил жагынан түбөлүк, мейкиндик жагынан чексиз жана мааниси өтө терең түшүнүктүн бул макаладагы чечмелениши кээ бир замандаштарга жакпайт.

Бирок аалымдардан угуп, китептерден окуган нерселерди ар ким өз алдынча да түшүнүүгө аракеттенип көрсө жаман болбойт деп ойлойм.

Чекитке сыйган чексиздик

Мухаммед пайгамбардын өзгөчө озуйпасын аңдап билгенден кийин элди жаңы динге киргизүү үчүн көп жылдар бою далай азап-тозокту көрүп, акарат сөздөрдү угуп, куугунтукка кабылып, акыры Кудай менен түздөн-түз сүйлөшүү бактысына жеткен кези миражга көтөрүлүү жөнүндөгү баянда айтылып келет.

Бул окуянын эң кызык жери – реалдуу мезгил жана мейкиндик ченине сыйбаган, дээрлик кайталангыс көрүнүш экендиги. Биз бүгүн андагы айтылган айрым сандар жана чен-өлчөм түшүнүктөрү тууралуу ой жүгүртүп көрөлү.

Пайгамбардын ошол түнү жер бетиндеги эле басып өткөн (Меккедеги Харам мечитинен Куддустагы Акса мечитине барып келген) жолун төөчөн жүргөнгө бир айдан кем эмес убакыт керек болмок экен. (Ошондуктан пайгамбар түндөгү баштан өткөргөн окуясын эртеси айтканда, көп кудайга табынган жердештери аны мазактап күлгөн). Андан ары жети кабат асмандан бийик көтөрүлүп, Жараткан менен сүйлөшүп, кайра Жерге түшкөн жолу канчалык узак болорун элестетүү өтө кыйын.

Жебрейил периштенин коштоосунда пайгамбардын ушул аралыктан өтүп, сапардагы кылган-эткен, көргөн-билген нерселерин кыска-нуска айтып берүүгө эле жарым сааттай убакыт аздык кылчудай. Бирок көптөгөн баяндар боюнча мунун баары – башталышы менен аякташы – бир нече көз ирмемге сыйдырылган: пайгамбар мезгил менен мейкиндиктин чегинен чыгар чакта ачып-жабылган эшиктин илгичи ал кайра келгенде дагы эле термелип, дааратка камдалган чөөгүндөгү суунун жылуусу кете элек болот.

Көз ирмем менен түбөлүк айкалышкан бул баянды герменевттер менен психологдор адамзаттын, өзгөчө гениалдуу адамдын ой-кыялынын учкулдугу, телепатияга жөндөмдүүлүгү же дагы башка психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөр менен түшүндүрүшү мүмкүн.

Ошол сапарда пайгамбар көрүп-билген кубулуштардын бири бейишке татыктуулар өтө турган кыл көпүрөгө тиешелүү. Кылдан ичке, кылычтын мизинен да кууш бул көпүрөдөн өтүүгө 50 миң жыл керек экен.

Бирок жалгыз Жаратканга ишенгендер үчүн, б.а. сенин үмөттөрүӊ үчүн бул убакыт көз ирмемдей болот деп Кудайдын сөзүн Жебрейил периште Пайгамбарга айтат. Ырас, баары бипбирдей эмес – айрымдары чапкан аттай, башкалары шамалдай, үчүнчүлөрү чагылгандай тездикте өтөт делет.

Бул таңкалычтуу көрүнүштүн ички логикасын окумуштуулар мындайча чечмелеши ыктымал: убакыт субъективдүү кабылданат. Бирдей эле өлчөмдөгү мезгил аралыгы (мисалы, бир саат, күн, ай же жыл) бир нерсени зарыга күткөн, катуу кабатыр болгон же кыйналып, азап тарткан адам үчүн өтө узакка созулат; тескерисинче, жыргап-куунап, бейкапар жүргөн киши үчүн көз-ачып жумганча өтүп кеткендей сезилет эмеспи.

Беш убак намаз баяны

Дагы бир кызыктуу жагдай мусулмандарга парз болгон беш убак намазына тиешелүү. Мухаммед пайгамбар миражга көтөрүлүп, Кудайга жолукканда, өзүнүн үмөттөрү үчүн тиги дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды сурап алууга жетишет.

Бул жарыктагы жолу ишеничтүү болушу үчүн мусулмандар күн сайын окуп жүрсүн деп Теңир өкүм кылган намаздын саны адегенде 50 деп айтылыптыр.

Жараткандын алдынан келаткан Мухаммед пайгамбардын жолунан Муса пайгамбар (анын руху) тосуп чыгып, кандай сөз болгонун сурайт. Жоопту укканда, элүү ирет намаз окуу парзын пенделер көтөрө албайт, кайра баргын да, муну азайтууну суран дейт ал.

Мухаммед пайгамбардын биринчи жолку өтүнүчү орундалып, намаз саны кыркка чейин кыскартылат. Муса пайгамбар бул да оордук кылат, жеңилдетүү зарыл деп, Жараткандан өтүнүүгө кеңеш берет. Ошентип, Мухаммед пайгамбар Кудайдын алдына улам кайра барып, акыры беш убакка чейин чектөөгө көндүрөт. Муса пайгамбар бул деле көптүк кылат дейт, бирок Мухаммед пайгамбар дагы сурануудан уялып, кайра барбайт.

Ушул жерден Муса пайгамбардын тажрыйбасынан бир кызыктуу окуяны эскере кетели. Динди үгүттөп жайылтып жүргөндө ал карапайым жулукчуга кез келет. Ал Кудайга жалынып, мындай деп жалынчу экен:

- Кагылайын Кудай, чарыгыӊ жыртылса, жамап берейин!

Муса күлкүсү келип, мунуң жарабайт, Теңир сенин чарыгыңа муктаж эмес, сага туура сыйынуу жолун көрсөтөйүн дейт. Бирок пайгамбардын үйрөтүп кеткен сүрөөлөрүн эстеп кала албай, эстегендерине тили да келбей жулукчу абдан кыйналат. Ошол түнү Мусага Кудайдан аян келет:

- Сен бүгүн чоң ката иш кылдың – менин эң жакшы көргөн пенделеримдин бирин адаштырып салдың. Ал өзүнүн ошол эң жөнөкөй сөздөрү менен таза ниетин чын ыкластан билдирип, адамдарга пайдасын тийгизип жүрдү эле.

Рухту тазартып туруу зарылдыгы

Эмне үчүн намаз саны башында эле беш убак эмес, 50 ирет болсун деп буюрулганы тууралуу ойлонуп көрөлү. Азыркы окулуп жүргөн намаздардын ар бирине орто эсеп менен 15 эле мүнөттөй жумшалат десек, анда 50 жолку намазга 750 мүнөт, б.а. 12 саат керек болмок. Бир күн-түндөгү 24 сааттын жарымы намазга сарпталса, тамактануу менен уктаганга 8-9 саат бөлүнсө, тиричилик үчүн эмгектенүүгө, өз ара сүйлөшүүгө жана башка иштерге канча убакыт калат?

Баарын өзү жаратып, чек-ченемин, ички мыйзамдарын, шарттарын эң кылдат жактарына чейин аныктаган Кудай кантип эле бир күн-түндүк убакыт өлчөмүн эске албай калсын? Албетте, андай болушу мүмкүн эмес.

Дал ушул суроонун жообун адашпай туура таба алсак, ар түрдүү азгырыктарга алдырбай, бир келген өмүрдү туура, бактылуу, мазмундуу жашап өтүү мүмкүнчүлүгүбүз кенейет деп ойлойм.

Менимче, Мухаммед пайгамбар өзүнүн үмөттөрүн пас мүдөөлөргө азгырылбай, туура жашоого, бактылуу жашоого багыттоо үчүн күнүмдүк иш-аракеттерин ишеничтүү нукка салууну (албетте, Кудайдын буйругу менен) чечкен. Бул үчүн пенденин ниети менен эркин, кайраты менен күч-кубатын, акыл-эсин, сезим-туюмун жуурулуштуруп тургудай сыйынуу жөрөлгөсүн иштеп чыгууга көп жылдар бою умтулуп, катуу изденген. Кошуна элдердин диний аалымдары менен баарлашкан (кээде талашып-тартышкан), алардын идеяларын өз алдынча иликтеп, талдаган. Бул жагынан ал илгерки пайгамбарлардын каталарын да эске алган.

Пайгамбарга Жараткандын буйруктары Жебрейил периште аркылуу, Курандын сүрөөлөрү түз эле аян түрүндө келген делет. Бирок эгер Кудайдын бул пендеси өзү да көптөгөн жылдар бою катуу изденип, рухий өсүшкө умтулбаса, ал тарыхтагы мындай кайталангыс мүмкүнчүлүккө ээ боло алмак эмес.

Демек, баштапкы мерчемделген 50 жолку сыйынуу жөрөлгөсү азыр биз билген намаздай эмес, формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, убакыт ченеми жагынан да башкача мерчемделген окшойт. Мисалы, намазга жамаатты чакыруу үчүн азан айтуу идеясы келгенге чейин адегенде добулбаска окшош буюмду колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган деген да маалымат бар.

Балким, рухий жактан сергек болууга багыттай турган табынууда айтылуучу келмелер мазмундуу, бүтүндөй Курандын мазмунун эстетип, өтө сыйымдуу, бирок көлөмү чакан болгондур?..

Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романында Найман эне жуан-жуандардын колуна түшүп, башына шири кийгизилген уулун куткарууга аттанганда “Кудайдан башка кудай жок” (ля илаха ил алла) деп келме келтирет. Ал ушул төрт сөздү айтып Жаратканга табынган чакта адамзаттын миңдеген жылдарга созулган рухий адашуу-изденүүсүндөгү азап-тозокту бүт бойдон көңүлдөн өткөргөн чыгар?..

Бирок бул деңгээлдеги сыйынууга көпчүлүк пенделер даяр эмес болгондуктан, ар бири тийиштүү убактарга бекитилген беш ирет окулуучу намаздын азыркы формасы тандалган деп ойлойм.

Ырас, азыркы намазда окулуучу сүрөөлөрдү деле жөн гана жаттап албай, туура түшүнүү үчүн тарыхый-маданий контекстин эстей жүрүүгө аракет кылыш керек – ошондо ар биринин мааниси алда канча кенен, терең кабылданып, таасири артары бышык.

Буга байланыштуу адам баласынын сыйынуу жөрөлгөлөрүнөн башка да эң орчундуу парз-милдеттери бар экенин, аларды эске албай койгондо беш убак эмес, 50 ирет окулган намаз деле эчтекеге арзыбай калат.

Негизи, инсан катары туура жашоонун ар бир учуру (эмгек, эс алуу, окуу, чыгармачылык, өнөр, рухий изденүү, башкалар менен баарлашуу... – баары) сыйынуунун өзүнчө ыңгайы болуп саналат деген көз караш да бар.

Сыйынуу – сыйышуу, сыйлашуу

Бүгүн биз билген намаздын да, баштапкы 50 ирет деп белгиленген сыйынуунун эң башкы максаты – күн сайын бештен кем эмес ирет Кудайды эстеп, ниетти түздөп, пейилди агарта жүрүүгө өбөлгө түзүү. “Кудайды акыл менен тааны” деп кыргыз миңдеген жылдар мурун эле эң туура нуска берип койгон. Теңирди таануу, ага жакындоо жолдору айырмаланышы мүмкүн, бирок Улуу Чындыктын чексиз терең мааниси бир.

Кудай, Теңир, Алла Таала, Абсолют ж.б. – Жараткандын ар кайсы тилдердеги, окуулардагы аты ар башка болсо да, заты бир, чексиз кудурети, таанылып бүткүс касиети бир, теӊдеши жок жалгыздыгы бир. Дал ошондуктан исламга чейин пайда болгон, ал негизделгенден кийинки доорлордо калыптанып, өнүккөн, башка диндердин же окуулардын алкагында жаралган (изденүүдөн табылган) нерселердин баарын эле мусулманчылыкка каршы нерседей кескин четке кага бербеш керек. “Илим жолунда изденип Чинге (Кытайга) болсо да бар” деген Мухаммед пайгамбардын накыл кеби бекеринен айтылбаган.

Бүгүнкү кыргыз коомунда атайылагандай курчутулган карама-каршылыкты жумшартып, улуттун биримдигин бекемдөө үчүн биз диний жана салттуу, илимий жана маданий дөөлөттөрдү туура айкалыштыра билүү кажет. Мисалы, кыргыздын космостой кең пейилин ачып көрсөткөн “Эгин себүүчүнүн айтымы” кандай керемет! Кимге даректелгенине жараша ак бата же кейигендеги сөгүштөй, каргыштай угулуучу “пейилиңден тап” деген эң кыска, эң нуска сөз бабалардан калган таберик эмеспи!

Ар кайсы диндердин, улуттук каада-салттардын айырмачылыгы болот, аны биле жүрүшүбүз кажет. Бирок адамзат көчүнүн байсалдуу жүрүшүнө жол ачуучу дөөлөттөрдү эч качан бул биздики, тигил бөлөктөрдүкү ж.б. деп карама-каршы койбойлу. Адамдын рухий жашоосун диний жөрөлгөлөр менен гана чектеп коюу мүмкүн эмес. Душмандыгы жок “башкалар” менен сыйлаша, сыйыша билсек, сыйынуубуз Кудайга жагат.

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG