Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Глобалдык шарт жана дин таануу сабагынын мазмуну


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болуунун арабасын тартууда бир топ кыйынчылыктарга кабылды.

Суверендүү өлкө бир эле учурда толтура жүктү көтөрүп кетүүгө мажбур эле. Бул абалдан улам, табигый түрдө приоритеттүү саналган тармактарга маани берилип, калгандарына жетиштүү көңүл бура албай калды. Дал ушул көңүл чордонунда болбой калган тармактардын бири – өлкөнүн диний саясаты эле.

Табият боштукту сүйбөйт эмеспи! Андыктан көңүл бурулбаган, өзү менен өзү калган жааттар туура эмес багытка кетип калуусу толук мүмкүн. Өзгөчө диний чөйрөгө көңүлкош мамиле жасоонун кандай оор натыйжаларга алып келишин, коңшу өлкөлөрдүн жана Жакынкы Чыгыштын жакынкы өтмүшүндөгү окуялар даана көрсөтүп койду окшойт.

Жакынкы Чыгыштагы болсун, коңшу өлкөлөрдөгү болсун оор натыйжаларга себеп болгон аң-сезимдик "жаралар" тилекке каршы, биздин өлкөдөгү диний чөйрөдө да кездешип келет. Тактап айтканда, диний түшүнүктү калыптандырууда акыл, даанышмандык жана илим-билим менен жуурулуштурууга, ширелиштирүүгө жанашпаган, кези менен аларды четке каккан диний аң-сезимден улам пайда болгон көрүнүштөр көп эле кездешип калды. Дал ушул өңүттөгү түшүнүктөр коомдук мааниде көптөгөн маселелердин жаралышына, жаралып калган маселелердин ырбашына, бара-бара алардын мамлекеттик алтургай глобалдык деңгээлдеги көйгөйлөргө айланышына түз таасирин тийгизет.

Караңгы түшүнүктөр агартуучулуктан коркот

Мындай маселелерди жөнгө салуу көп кырдуу ишмердүүлүктү талап кылат. Бул ишмердүүлүктөрдүн башында агартуу келери шексиз. Жөнөкөй тил менен айтканда, бир топ жааттарда болгондой эле, диний сабатсыздыктан улам келип чыккан коомдук маселелердин алдын алууда туура диний түшүнүктү жайылтуу эң башкы мааниге ээ.

Мисалы, тайкы диний түшүнүктөн улам чыккан маселелерди көзөмөлгө алууда укуктук рычаг гана колдонулуп келе жаткандай. Башкача айтканда, туура эмес диний доктриналарга таянган кандайдыр бир диний топ, агым же окуулардын өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салуу, мыйзам бузууга баргандарды соттоо сыяктуу кадамдарды укуктук маңыздагы кадамдар катары саноо мүмкүн.

Эми натыйжасын карап көрөлү. Укуктук жактан зыяндуу деп эсептелген диний топтордун ишмердүүлүгүн кысмакка алуу канчалык таасирдүү болду? Мисалы, бүгүнгө чейин ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний уюмдардын зыяны канчалык токтоп калды? Тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнүн токтоп калганына же жок эле дегенде таасири бир кыйла басаңдап калганына ким кепилдик бере алат? Тымызын иш жүргүзүп жаткан топторго карата көзөмөл механизми канчалык жеткиликтүү? Бул суроолор аябай маанилүү.

Азыр жүргүзүлүп келе жаткан мамлекеттин дин саясатынын эффективдүүлүгү бул суроолорго бериле турган жоопторго түз көз каранды.

Дин таануу сабагы

Бул көйгөйдү өлкө башчыбыз да көңүл чордонуна алганбы, айтор соңку бир канча айдан бери мектептерге дин таануу сабагын киргизүү боюнча маселе козголуп, үстүндө иштелип жаткандай. Бул сабакты окутуу аркылуу өлкөдөгү диний түшүнүктөрдүн арасындагы чыңалууну басаңдатуу, алардын өз ара ынтымакта жашашына шарт түзүү жана адеп-ахлактуу адамдардын катарын калыңдатууда диний таалим-тарбиядан да пайдалануу экендигин, өлкө башчынын бул сабак тууралуу айткандарынан байкоо мүмкүн. Бирок, чындап эле дин таануу сабагы аркылуу айтылуу көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнбү?

Демек, "Дин таануу сабагында эмнелерди окутабыз?" деген суроо, учурдагы ишмердүүлүктүн өзөгүн түзүшү керек. Анткени, бул жердеги "дин таануу" деген терминдин маңызы тууралуу бирдей ойго токтолуу оңой болбойт. Өлкөнүн калкы түрдүү диний ишенимге ээ. Бул сабактын маңызы бул катмарлардын баарынын талабына жооп бере тургандай болушу керек. Мындан сырткары, бир эле диндин мүчөсү болгондугуна карабастан, мүчөлөр ошол диндин ичинде да бир топ майда топторго (конфессияларга), уюмдарга бөлүнүп кеткендиги да чындык. Мисалга, дин комиссиясы жарыялаган концепцияда 3348 диний уюм каттоодон өткөн болсо, алардын 2930у ислам динине тиешелүү уюмдар экендиги жазылуу. Бул эмнени түшүндүрөт? Бүгүнкү күндө окутула турган дин таануу сабагы түрдүү диндердин мүчөлөрү менен эле эмес, ошол диндин ичиндеги майда топтор менен да эсептешүүгө тийиш деген нерсе жатат.

Бул мүмкүнбү? Тактап айтканда, дин таануу сабагынын маңызын бири-бири менен түшүнүктөрүнөн улам келише албай ар кандай топторго бөлүнүп алган топтордун баары макул боло тургандай кылып түзүү канчалык реалдуу? Ачыгын айтканда, бул мүмкүн болбой калды.

Конфессионалдык деңгээл жана глобалдык талап

Учурда даярдалып жаткан материалдардын маңызы тууралуу эске ала турган бир жагдай бар. Бул жолкусунда дин таануу сабагынын окуу куралдары мурдагы эски түшүнүктөн арылууга тийиш. Тактап айтканда, мурда мамлекеттин дин саясаты үчүн кандай ыңгайлуу болсо, ошондой маңызда окутуп алуу мүмкүн болгон. Анткени маалыматтык технология өнүгө элек учурда, мектеп жана андагы сабактар – маалымат алынчу саналуу булактардын бири болгон.

Бүгүн бул мүмкүн эмес. Себеби, баарыбызга маалым болгондой, азыр бир уюлдук телефон аркылуу дүйнөнүн ыраакы учундагы маалыматка ээ болуу такыр кыйынга турбайт. Андыктан учурда мамлекеттик саясатка ыңгайлуу моделди тандап алып эле окута берип , ошол сабак аркылуу жаңы муундун диний аң-сезимин калыптандырып коюуну мүмкүн деп эсептөө – чоң жаңылыштык.

Бүгүн мектептерде окутулмакчы болуп жаткан дин таануу сабагын дүйнөлүк практика менен салыштыруу мүмкүнчүлүгү ар бир окуучуда бар. Андыктан дин таануу сабагынын маңызы учурдагы глобалдык талапка жооп бере турган дареметте болууга тийиш. Дин таануу сабагынын мазмунун конфессионалдык б.а. кандайдыр бир мазхабтын диний түшүнүгүнө чак келе тургандай кылып даярдап, "...бизге жаккан диний аң-сезимди жайылта беребиз" деген түшүнүк бүгүнгө чейин аздыр-көптүр "мөмөсүн" берип келген менен мындан ары максатка ылайык эмес.

Маалымат мүмкүнчүлүгү чектелүү учурда мындай кадамдар б.а. конфессионалдык (мазхабтык) кызыкчылыкты башкы орунга коюп, окуучунун диний аң-сезимин каалагандай багыттоо мүмкүн болгондур. Бирок, акылдын, логиканын пайдубал эрежелерине сыйбаган, адамдын абийирине төп келбеген доктриналарды, түшүнүктөрдү жаттатып, "Мындан башкасы ката. Мындан башкасын кылсаңар динден чыгасыңар!" деп окутуу мындан ары мөмөсүн бербейт.

Дин таануу сабагы жана универсалдуу мазмун

Демек, учурдагы маалыматтык технологиянын өнүп-өскөнүн, дегеле глобалдык аң-сезимдин кандай деңгээлге жетип калганын эске алганда, акылга, логикага жана адамдык абийирге төп келбеген диний түшүнүктү окутуу – орунсуз!

Бүгүн дин таануу сабагынын маңызы кандайдыр бир диндин же конфессиянын субъективдүү доктриналарын, принциптерин жаттатуудан турбаш керек. Бул актуалдуулугун жоготкон усул. Учурда дин сабаганынын маңызы, ар кандай дин же диний түшүнүккө туура реакция бере билүүнү, туура мамиле жасай алууну үйрөтүү болууга тийиш. Себеби, учурда башка өлкөлөргө баруу же ар кандай маданият менен таанышуу, маалымат булактарына жетүү оңойлошуп калды. Андыктан бала айтылган сабакты окууда, зыяндуу диний түшүнүктөрдөн оолак турууну, диний маңыздагы ак-караларды минималдуу деңгээлде айырмалап билип ала турган түшүнүккө ээ болуш керек.

Бул үчүн учурда, субъективдүү диний принциптерди эмес, универсалдуу адептик, этикалык баалуулуктарды окутуу эң туура болмок. Кандайдыр бир диндин алкагында окутуу керек болуп калган учурда деле, андагы универсалдуу баалуулуктарга ыктоо орундуу.

Мисалы, Куранда адамдын жанынын кол тийгис экендиги көп эле айтылат. Балким, бул бир мааниде диний, субъективдүү бир принцип, бирок айтылуу баалуулук толугу менен универсалдуу да. Же болсо башка бирөөнүн акысына кирүү ­ Курандык негизде эң жек көрүлгөн күнөөлөрдүн бири. Маселен, ушул принципти б.а. башка бирөөгө зыян берүүдөн оолак болуунун канчалык асыл-нарктуу сыпат экенин, ошол эле учурда чоң сооп болоорун окутуу максатка жакыныраак болмок.

Дин таануу сабагы аркылуу баш ийгенди жакшы көргөн, өз укугун билип, акысын талап кылганга көп жанашпаган, андан көрө акыретке даярданган, жарандык позициясы пассивдүү, учурдун "диний лидерлерин" кулак төшөп угуп, алардын сөзүнөн чыкпаган муунду тарбиялап чыгуу көздөлүп жатса, анда жогорудагыдай ой-толгоолор эч кандай мааниге ээ болбойт.

Бирок, дин таануу сабагы менен, адеп-ахлакты башкы орунга койгон, эмгекчил, башкалардын ой-пикирин сыйлай билген, руханияты бийик муунду өстүрүп чыгаруу максатталса, анда бул ой-толгоолор баш оорутканга арзыйт.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG