Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Дин биримдикке тирек болсун


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги айт намазы, 2019-жыл.

Дин жөнүндө иштелип чыккан жаңы мыйзамдын долбоору жалпы элдик талкууга коюлушу учурдагы эң олуттуу жана жооптуу иш-чаралардын бири деп айтса болот. Анткени көп улуттуу мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүп өсүүсү, стабилдүүлүгүнүн бекем болушу жалпы элдин 90 пайыздан ашуунун мусулмандар түзгөн өлкөдөгү диндердин жана алардын өкүлдөрүнүн достук-ынтымагына, бири-бирине жасаган урмат-сыйына көз каранды.

Демек, жалпы элдик талкуудан кийин кабыл алына турган бул мыйзам келечектеги жашоо турмушубузда ошондой пайда келтирет, ошондой туура жолго баштайт деп үмүт кылып туралы азырынча.

Мындан жыйырма жылдай илгери залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Эркин Тоо" гезитине жарыяланган маегинде: "Бүгүнкү күндө дин, илим, философия үчөөнүн ынтымакташуу зарылчылыгы барбы?" деген суроого кабатырлануу менен жооп берип, диндин маани-маңызы тууралуу төмөндөгү гуманисттик ойлорун айткан эле:

"Бул өтө зор, өтө кеңири, кандайдыр ички карама-каршылыктуу жагдайлары бар маселе. Жалпысынан алганда, диндин бардыгы адам баласына кандайдыр бир негизги түркүк. Турмуштун түркүгү сыяктуу. Дин адамзатка Кудай деген түшүнүктү алып келет. Кудай деген түшүнүк - бул адамдын жүрүм-турумуна, касиетине, ыймандуулугуна берилген чоң, улуу көрүнүш. Диндин максаты, диндин касиети ошондо. Ал эми ошо улуу касиет, улуу максаттарды бурмалоо ар бир заманда болуп келет. Мына биздин заманыбызда да өзгөчө бурмаланып жатат. Баягы "кайра куруудан" кийин эркиндик келип, бардыгына жол ачылганда динди карманган, динди баштаган бир топ күчтөр аны башка жакка бурмалай башташты. Болбосо эмне, ислам менен башка диндердин ортосунда ошончолук карама-каршылык барбы?

Мына, Ооганстанды көрүп жатасыңар, ошол Ооганстандын убалына калышты. Тескерисинче, гуманисттик мамилеге жол ачпай, бирине бирин өчөштүрүп, курчутуп, тукуруп жатат. Андыктан баарыбыз тең динди сыйлашыбыз керек. Динди колдонолу, бирок жанагыдай бурмалагандарга айтышыбыз парз. Алар да ойлонушу зарыл. Өз кызыкчылыктары, өз дымагы үчүн тескери иштерди жасаганы көпчүлүккө зыянын тийгизүүдө. Ошондуктан бардык диндердин арасында келишим болушу керек. Бирин-бири жек көрбөй, өздөрүнүн диний адамдарын бири-бирине өчөштүрбөй, кандайдыр бир өзгөчө шарт түзүү зарыл. Ал жөнүндө көп эле жолу айтып келатабыз. ХХ кылым аяктап, XXI кылым аттап кирип келатканда мен айттым эле, аттиң ай, укпай коюшту. Бардык диндердин өкүлдөрү чогулуп, мисалы, Парижде же дагы бир атактуу башка бир жерде бири- бирине ант берип, бири-бирине намаздарын окуп, аны телевизор аркылуу бүт дүйнөгө жайып көрсөткүлө деп айткан элем. Ага эгоисттик күчтөрү жол бербеди. Менин идеям дагы эле ошол. Бүткүл дүйнөлүк ансамбль болсун дегенмин. Эми эмнеси болсо дагы баары бир динди эч ким кемсинтип, четтетип жибере албайт. Бул адамзатка руханий зарылдык. Ошон үчүн, өзгөчө дин өкүлдөрү, молдолор, имамдар ойлонуш керек. Нары жагы дагы, бери жагы дагы ойлонушсун. Антпесе жакшылыкка алып келбейт".

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дин маселеси кайсы бир өлкөнүн эле чегиндеги эмес, дүйнөлүк маселе экенин, ага өтө кылдат, өтө астейдил мамиле жасоо керектигин ичинен ойлоп да, тынчсызданып да жүргөнү жогорудагы сөздөрүнөн даана сезилип турат.

Атаганат, бардык диндерди ынтымак-ырашкерликке чакырып, дүйнөлүк ансамбль кылуу идеясы ишке ашпай калган экен. Бул абдан өкүнүчтүү. Дин жөнүндө жаңы мыйзам жараткан биздин окумуштуулар жана дин аалымдары гуманист жазуучубуздун бул идеясына терең ой жүгүртүп, аны өзүбүздүн өлкөбүздө ишке ашырууга неге болбосун? Кыргызстандагы бардык диндер бири-бирине кучак жайып ансамбль болушса, анын үрөнү бүткүл дүйнөгө чачылмак. Өлкөбүздүн аброю да көтөрүлмөк мунун шарапаты менен.

Диндердин өз ара урмат-сыйда болушу өлкөнүн коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн өзгөчө мааниси бар өбөлгөлөрдүн бири. Буга пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.В.) да өзгөчө маани берген. Осуяттарынын биринде: "Кимде ким мусулман өлкөсүндө жашаган башка динге караштуу адамды акарат кылса, акыр кыяматта оттон жасалган камчы менен сабалат", - деп, дин өкүлдөрүн ызат-урмат менен жашоого, диндерди ынтымак болууга үндөгөн.

Фанатизмге өтө эле берилип, диндин наамына шек келтиргендердин тизгинин тарткан осуяттарында:

"Динде чектен өтүп, аша чаап кетпегиле. Анткени, силерден мурда өткөн муундар чектен өтүп, аша чаап кетишкени үчүн курман болушкан", "Динди оңой кылып көрсөткүлө, кыйын кылып жибербегиле", "Адамдарды сүйүндүрө турган сөздөрдү сүйлөгүлө, аларды калп сөздөр менен коркутпагыла", - деп эскерткен.

Тилекке каршы, диний кызматкерлерибиздин бардыгы эле пайгамбарыбыздын осуяттарын билгичтик менен аткарат, үгүт-насаат иштерин натыйжалуу жүргүзөт деп айтуу кыйын. Диндин маани-маңызын, түпкү миссиясын терең билген жана ага жан дили менен берилген сабаттуу кызматкерлер жетишпеген жерлерде коомчулукту тынчсыздандырган өкүнүчтүү окуялар болуп келатканына күбөбүз.

Кабыл алына турган жаңы мыйзамга башка динге өткөн адам каза болгондо сөөгүн мүрзөгө койдурбай коюу, бөтөн дин өкүлдөрүнүн мүрзөлөрүн талкалап мазактоо, мамлекеттик Гимн жаңырганда ордунан козголбой олтура берүү, башка өлкөлөргө жашырынып барып согушка катышуу сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт коё турган адилеттүү жазалар киргизилиши зарыл деп эсептейм.

Дин жөнүндөгү мыйзам мамлекеттин келечегине кызмат кыла турган маанилүү документтердин бири. Саясий да, руханий да мааниси бар мыйзамдын долбоору баш калаада же тар чөйрөдө эмес, өлкөнүн ар бир айылында талкууланышы керектигин, каражатты шылтоолоп буга кайдыгер мамиле жасоо чоң зыян алып келерин эстен чыгарбайлы.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG