Ооганстандын Жакшылыкты жайылтуу жана жамандыктын алдын алуу министрлиги мекеменин башчысы Мухаммад Халид Ханафи Өзбекстан тууралуу сын айткан деген маалыматтарды четке какты.
Ооган тарап бул тууралуу расмий билдирүүнү 16-июлда Өзбекстандын Кабулдагы элчилигине жөнөткөнүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып, Daryo басылмасы жазды.
Билдирүүдө Ооганстандын Өзбекстанга болгон мамилеси ачык экени белгиленип, эки өлкөнүн ортосунда терең диний, тарыхый жана маданий байланыштар бар экени айтылган.
"Боордош Өзбекстан боюнча биздин позициябыз так. Бул жер ислам дүйнөсүнүн көптөгөн улуу аалымдарынын, анын ичинде Имам Бухаринин мекени. Ооганстан менен Өзбекстандын ортосунда терең диний, тарыхый, маданий байланыштар жана элдердин жакындыгы бар. Биз бул мамилелерди өзгөчө баалайбыз.
Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Өзбекстанга карата терс мааниде түшүндүрүлгөн билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Биз мындай пикирлерди кескин четке кагабыз жана аларды фактыларды бурмалоо деп эсептейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык, өз ара урматтоо жана жакшы мамилелер мындан ары да бекемделе берерине ишеним билдирилген.
Буга чейин 15-июлда Би-Би-Синин өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып, Ооганстандын Жакшылыкты жайылтуу жана жамандыктын алдын алуу министри Мухаммад Халид Ханафи Өзбекстанда исламдын «аты гана калганын» айткан деген маалымат тараткан.
Ошондой эле ал Өзбекстандын дин ишмерлерин сындап, өлкөдөгү диний маселелер дин кызматкерлери эмес, светтик мамлекет тарабынан жөнгө салынып жатканына нааразы болгон деп билдирилген.
Министрликтин катчысы Сайф Хайбар тарабынан X социалдык тармагына жарыялаган билдирүү кеңири тарап, бирок кийинчерээк өчүрүлгөн. Ага байланыштуу видео да жеткиликсиз болуп калган.
Шерине