Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ашыкча керектөөдөн улам жабдыктар иштен чыкпашы үчүн электр эки сааттан өчүрүлөт. Бул тууралуу 18-июлда айрым медиалар "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын басма сөз кызматына шилтеме берип жазышты.
Мекеме өчүрүүнү энергосистемага ашыкча күч келип жатканына байланыштырды.
Компания бул чаралар энергетикалык жабдуулардын бузулушуна жол бербөө жана системалык аварияларды алдын алуу максатында жасаларын белгиледи.
"Электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жетти. Электр тармактарынын жабдуулары эң жогорку жүк менен иштеп, айрым электр берүү линияларындагы жүк уруксат берилген чектен ашууда", - деп билдирген мекеме.
17-июлда саат 14:00дөн кийин Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде электр энергиясы жапырт өчкөн. Авариялык өчүүгө байланыштуу скважиналардын иши токтоп, айрым райондордо суу чыкпай калган.
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" мамлекеттик ишканасы Бишкекте жана ага танапташ бир катар райондордо электр энергиясынын жапырт өчүүсүнүн себеби изилденип жатканын билдирген.
Борбор Азияда жана Кыргызстанда 14-июлдан тартып күн катуу ысып, айрым жерлерде 43 градуска жетүүдө. Өзбекстанда ашыкча керектөөдөн улам көмөк чордондор иштен чыгууда. (ST)
Шерине