Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин бир күн ичинде кескин кымбаттады. Социалдык тармакка айрым колдонуучулар жарыялаган сүрөттөрдөн май куючу жайларда бензиндин литри 109,9 сомдон сатылып жатканын көрүүгө болот. Баа күн мурда 98 сом болчу.
Энергетика министрлиги баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маалымат бере элек.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 8-июлда күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол койгон.
Ага ылайык социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен АИ-95 үлгүсүндөгү бензин чыгарылган.
Өкмөт өз чечимин “экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү” максаты менен түшүндүргөн.
Соңку айларда Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирген Орусиянын мунай өндүргөн ири заводдору Украинанын дрондорунун чабуулунан кийин ишин токтоткон. Мындан улам Орусиянын өзүндө дагы күйүүчү май тартыштыгы жаралган.
Кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги июнь айынын башында Беларус, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын кабарлаган. (ST)
Шерине