Али Токтакунов иликтөө фондун ачты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов “Али Токтакуновдун МедиаХабы” фондун негиздеди. Ал 18-февралда Бишкекте медиа долбоордун ачылышын өткөрүп, фонддун максаты жөнүндө маалымат берди. Анда айтылгандай, бул фонд коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле кино тармагына, кыргыз тасмаларын жайылтууга салым кошууну көздөйт.