49-аптанын таасирдүү сүрөттөрү

Новосибирск шаарында 35 градус аязда сууга түшүп жаткан жергиликтүү тургун, 9-декабрь, 2023
 

Киевдин Көз карандысыздык аянтындагы Орусияда туткунда жаткан украиндердин жакындарынын митинги, 9-декабрь, 2023

Кыргыздын залкан жазуучуусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карай Бишкекте ачылган VI "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалынан бир көрүнүш, 7-декабрь, 2023

Ооганстандын баш калаасы Кабулдун сыртындагы ат чабышка катышкан чабандес, 7-декабрь, 2023
 

Былтыр сегиз жаштагы Роман орус армиясынын чабуулунда катуу жарадар болуп, андан бери 30дан ашуун операцияны башынан өткөрдү. Львовдогу бий сынагына ал тери күйгөндө коргой турган беткапчан катышууда, 2-декабрь, 2023

Санкт-Петербургдагы "Аврора" крейсеринин үстүндө эс алып тургандар, 6-декабрь, 2023
 

Кабулдун Жол кайгуул кызматкери эл ташыган таксини жашыл түскө боёп жатат, 5-декабрь, 2023

Пакистандын Пешавар шаарында жардыруу болгон жерди коопсуздук кызматкери карап жатат, 5-декабрь, 2023

Якутиянын ачык базарында соода кылган 47 жаштагы Нюргусун Старостина, 5-декабрь, 2023 

Кабул шаарынын сыртында эски чемоданды сүйрөп ойноп жүргөн чыт курсактар, 4-декабрь, 2023

Даниянын Фредериксхавн шаарында гандбол боюнча дүйнө чемпионатында Украинанын жана Казакстандын кыз-келиндер командасынын беттеши башталар алдында, 3-декбарь, 2023

 

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Файзабад районунда мыйзамсыз маңзатты коопсуздук кызматынын өкүлдөрү өрттөп жатышат, 5-декабрь, 2023

Бадахшан провинциясында ооган балдар кайра иштетүүгө мүмкүн болгон калдыктарды чогултуп жүрүшөт, 6-декбарь, 2023

 

Украинанын Львов шаарындагы көрүстөнгө коюлган украин жоокеринин кар баскан мүрзөсү, 6-декабрь, 2023

1990-жылы жол кырсыгында каза болгон орусиялык рок-музыкант Виктор Цойду эскерүү дубалына тигилген аял.

2023-жылдын 49-аптасындагы таасирдүү көз ирмемдер. Эркин Европа/Азаттык радиосунун ар кайсы аймактарынан тартылган сүрөттөр топтомун сунуш кылабыз.