Тойдо колуктусун урган эркектин жоругу жердештерин ачуулантты

Тойдо жигиттин үйлөнүп жаткан кызды уруп жиберген учуру. Видеодон алынган скриншот.

Өзбекстанда үйлөнүү үлпөтү өтүп жатканда коноктордун алдында колуктусун көк желкеге коюп ийген жигиттин видеосу эл аралык басылмаларга чейин тарады. Өзбек бийлиги бул чуулгандуу окуя 6-июнда Сурхандарыя облусунун Узун районунда болгонун ырастады.

Соцтармакты дүрбөлөңгө салган видео

Чуулгандуу видеодо үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан маалда кыз-күйөөнүн коноктордун алдында оюнга катышып жатканы тартылган. Колукту шамдагайлык кылып, озуп кеткенде күтүлбөгөн жерден жигит аны көк желкеге коюп жиберген. Бул 30 секунддук тасма белгисиз жагдайда дүйнөлүк желеге тарап, талкууга айланды.

Өзбекстандык блогер Акида Ханум тасмадагы жубайларды издеп тапканын, алар очор-бачар болуп калгананын "Настоящее время" телеканалы менен болгон маегинде айтты.

"Бул видео Телеграм жана Инстаграмда чуу жаратты. Мен күйөө бала ким экенин билдим. Базарда иштейт экен. Сурхандарыянын Узун районунда турат. Үч бир тууган тең базарда автоунаа айдайт. Бирок алар тасмадагы жигит токтоо экенин, тойдогу бул көрүнүшкө таң калганын айтышты. Мен бул постту соцтармакка жазгандан кийин комментарийлер жаады. "Келин акылы болсо ажырашып кетет. Эгер азыр ушундай болсо кийин андан да жаман болот” деген ойлор айтылды".

Өзбекстандын Үй-бүлө жана аялдар комитетинин маалымат кызматы окуя 6-июнда Сурхандарыя облусунун Узун районунда күйөө баланын үйүндө болгонун ырастады. Ал эми Газета.uz басылмасынын өз булагы жигитке “майда бейбаштык кылган” деген айып менен административдик иш козголгонун кабарлады.

Журналист Дилобар Аслиддин видеодогу көрүнүшкө "коомдогу жапайычылыктын" бир түрү деп баа берди.

"Келиндерди мыкаачылык менен сабап, зордук-зомбулук көрсөткөн учурларга күбө болуп жатабыз. Тойдогу видео да ошол мыкаачылыктын бир көрүнүшү".

Дагы караңыз "Абакта жатканда сылык болчу". Күйөөсү кордогон Айзат

Түркияда жашаган, кыз-келиндердин укугу үчүн күрөшкөн блогер Хосият Сабир аялдардын сабалышы коомдо кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, көп учурда зордук-зомбулук көрсөткөн күйөөлөр жазасыз калып жатканы “чоң трагедия” дейт.

"Чет элдик басылмалар бул окуяны үрөй учурган деп кабылдап, сындашты. Биз тескери реакцияны көрдүк. Бул окуяларга каршы канчалык кыйкырсак да өзбек коомчулугунда, тилекке каршы, аялдардын сабалышы кадыресе көрүнүш. Эркектер каалаганын кылат".

"Аялдардын күчтүү болушу үчүн билим керек"

Өзбекстандын президентинин кызы, Гендердик теңчилик боюнча комиссиянын мүчөсү Саида Мирзиёева да бул талкууга үн кошту. Ал тойдогу окуя жийиркеничтүү экенин, кыздарга билим берүүнүн мааниси чоң экенине токтолду.

Саида Мирзиёева.

"Бул окуя кайсы жерде болду, өзүбүздө болобу, коңшу өлкөдө болобу, эки күн мурунбу же эки жылбы - баары бир. Эң маанилүүсү бул жийиркеничтүү кырдаалга биздин мамилебиз. Бул окуя тегеректегилердин кыжырын келтирип, үрөйүн учурса анда сиздин айланаңызда дени сак коом бар. Эгер тегеректе “аял эркекке баш ийиши керек”, “аял өзү күнөөлүү” дегенди уксаңыз, бул чыныгы трагедия. Баарыбыз өнүккөн, заманбап, бакубат жана бактылуу өлкөдө жашагыбыз келет. Демек, ар бирибиз аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбей турганын түшүнүп, ушул көз карашты бекем карманышыбыз керек", - деп жазды Саида Мирзиёева Фейсбукка.

Эл аралык резонанс

Өзбекстандык "чоң муштум" күйөө баланын тойдогу кылыгы дүйнөлүк маалымат каражаттарында да резонанс жаратты. Немистердин Bild, Британиянын Daily Mail басылмалары бул тууралуу жазса, Түштүк Кореянын JTBC телеканалы видеону эфирден көрсөттү.

"Айрым түгөйлөр үчүн бул эң сонун күн жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун башталышы. Бирок бул видеодогу өзбек түгөйлөр сыяктуу дүйнөдө көптөгөн аялдар үчүн тозокко саякатка чыгуунун башталышы гана! Күйөө баланын кылыгы үчүн аны эч ким ордунан туруп жазалабайт. Эч ким милицияга барып даттанбайт. Анткени Өзбекстанда аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү күнүгө нан сатып алгандай эле көрүнүш", - деп жазды Bild гезити.

Коңшу өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган аялдардын арызы көбүнчө мааленин чегинен чыкпайт. Анткени жубайлар ажырашууга арыз берерден мурун кварталдык комитеттен уруксат алышы керек.

Дагы караңыз "Кайра токмогу күчөдү". Зомбулуктан коргой албаган ордер

Ал эми күйөөсүнүн ур-токмогун жеген аялдардын арызын полиция бөлүмдөрү сейрек каттай турганы да айтылып келет.

Эл аралык уюмдар Өзбекстанда аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук механизмдери жок экенин сындашат.

Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы өлкөдө зордук-зомбулукка кабылгандардын реабилитациялык борборлоруна 22 миңден ашык аял кайрылган. Ошол эле жылы миңдей аял жакындарынан зомбулук көргөнүнү кабарланган.