Трамптын экс-кеңешчисине өкүм кийин чыгат

Майкл Флинн.

АКШда Колумбия округунун соту президент Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге өкүм чыгарууну кийинкиге калтырды. Флинн Орусиянын Вашингтондогу элчиси менен сүйлөшүүнүн мазмунун ФБРден жашыргандыгы үчүн соттолууда.

Майкл Флинндин адвокаты 18-декабрда атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн тергөө менен кызматташууга убакыт берүүнү өтүнгөн. Сот анын арызын канааттандырды. Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс ошол эле күнү Флинн ФБРге калп айтканы кабатыр кыларын билдирип, экс-кеңешчиге ийгилик каалады:

Сара Сандерс.

- Сот өкүмүнүн кечеңдетилиши – Флинн менен соттун ортосундагы маселе. Чечим качан чыгарын алар өздөрү аныкташат. Бул арада генерал Флиннге ийгилик каалайбыз. Биз болсо күнүмдүк ишибизге көңүл бурабыз.

Отставкадагы генерал Флинн ФБРге жалган маалымат бергенин бир жыл мурун мойнуна алып тергөө менен кызматташа баштаган.

Мюллер анын кызматташтыгын баалап, экс-кеңешчини эркинен ажыратпоону сотко сунуш кылганы кабарланган. Айыптоочу тарап Флинн тергөөгө Орусиянын 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого киришкени тууралуу маанилүү маалымат бергенин билдирди.

Флинн президенттин кеңешчиси болуп бир айга жетпеген убакыт – 2017-жылдын 20-январынан 13-февралга чейин иштеген.

Экс-кеңешчи вице-президент Майк Пенске 2016-жылдын декабрында Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Кийин генерал Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн жана Трамптын командасы менен Кремлдин ич ара болжолдуу кызматташтыгын териштирген иште айыпталуучулардын бири болуп калды.

Сергей Кисляк.

Атап айтканда, Флинн эки жыл мурун ошол кездеги президент Барак Обама Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялагандан кийин элчи Кисляк менен бир нече жолу телефондон сүйлөшкөнү ачыкка чыккан. Америкалык маалымат каражаттары ошол сүйлөшүүлөрдү атайын кызматтар тыңшаганын жазышкан. Флинн элчиге “санкцияларга катуу реакция билдирбей тургула, жаңы администрация көптөгөн мурдагы чечимдерди өзгөртө алат” деп айтканы тууралуу маалымат тараган.

ФБР агенттеринин суроолоруна генерал элчи Кисляк менен сөз болгон сүйлөшүү эсинде жок экенин айткан. Ошол жалган маалымат Флиннге айып тагууга негиз болгон. Сотто Флинн күнөөсүн мойнуна алды.

Судья Эммет Салливан «бул кылмышка жек көрүүмдү жашыра албайм» деп, Флинн түрмөдөн качып кутулат деген кепилдик бере албай тургандыгын билдирди. Өкүм чыкчу күн азырынча так белгилене элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.