"Үркүн" тасмасы Стамбулда көрсөтүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда быйыл тартылып, көрүүчүлөрдүн сынына коюлган “Үркүн” көркөм тасмасы 20-декабрда Стамбул шаарында көрсөтүлдү. Стамбул шаарындагы киносүйүүчүлөр үчүн уюштурулган бул иш-чарага тасманын продюсери Мухтар Атаналиев да катышты. Бирок программада пландаштырылган кээ бир иш-чаралар Орусиянын Түркиядагы элчисинин өлүмүнө байланыштуу өтпөй калды.​