Түркияда үч министр кызматтан кетти

Эрдоган АК партиянын жактоочулары алдында сүйлөөдө. Анкара, 25-декабрь, 2013-жыл.

Коррупция боюнча соңку жаңжалдан улам Түркияда өкмөттүн үч министри кызматтан чегинди. Алардын бири өкмөт башчысын да иштен кетүүгө чакырды.
Полициянын иликтөөсүн мамлекетке каршы кутум деп атаган премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган болсо кечээги сөзүндө бийликтеги АК партиянын ийгилигин дал ушул коррупцияга каршы күрөш менен байланыштырды.

Бир аптадан ашуун мурда тутанган жаңжал Түркиянын өкмөтү менен сот системасын каршылаштыргансыды. Кызматтан чегингени шаршемби күнү жарыяланган ички иштер министри Муаммер Гүлер, экономика министри Зафер Чаглаян жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Эрдоган Байрактардын уулдары полициянын 17-декабрдагы рейди учурунда кармалып, кийин камакка алынышкан 24 кишинин арасында бар.

Алар мамлекеттик “Халк банкы” да аралашкан каржылык көз боёмочулуктарга катышы бар деп шектелишүүдө.

Кызматтан чегинген өкмөт мүчөлөрүнөн ички иштер жана экономика министрлери премьер Режеп Тайып Эрдогандын полиция иликтөөсү өкмөткө каршы кутум деген турумун жакташса, айлана-чөйрөнү коргоо министри Эрдоган Байрактар иштен кетип жатып, премьерге каршы сөз айткандай болду.

Кызматтан кеткен министрлер Зафер Чаглаян менен Муаммер Гүлөр.

“Элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн премьер-министр да отставкага кетиш керек”, - деди Байрактар НТВ телеканалынан сүйлөгөн кезинде.

Премьер Эрдоган анын бул сөздөрүнө дароо жооп кайтарган жок. Бирок 25-декабрда Анкарада бийликтеги АК партиянын жер-жерлерден чогулган лидерлери менен жолуккан учурунда полиция иликтөөсү мамлекетке каршы кутум деген оюн кайталады:

- Биз Түркия элине, Түркия Республикасына каршы, коррупция боюнча иликтөө түрүндө сунуш кылынган чабуулга кабылып жатабыз. Бул коррупция боюнча иликтөө эмес, Түркия элине, саясатына каршы кутум экени түгөл баарына белгилүү.

Эрдоган өзү лидерлик кылган “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы чын-чынына келгенде коррупция менен келише албайт деп ырастады:

- Биздин партиянын ийгилигинин, он бир жыл мурда бийликти алып, андан бери Түркияны башкарып жатканынын сыры өлкөбүз үчүн берилгенибизде, коррупция менен күрөшүүгө чечкиндүү экендигибизде. АК партия коррупция менен келише албайт. Анан ал өзүнүн жашоо маңызына шек келтирген ишти жасайбы?

Түркиядан түшкөн маалыматтарга караганда, полиция он төрт айга созулган иликтөөсүн негизинен жашыруун жүргүзүп келген. Иликтөө
арам акчаны адалдоо, Иран менен Түркия ортосундагы мунай-газ
соодасы жана ири курулуш долбоорлорун алуудагы паракорчулук
менен байланыштуу.

“Рейтер” агенттиги кабарлагандай, түрк өкмөтү полициянын иштөө эрежелерине айрым өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, полиция кызматкерлери жүрүп жаткан тергөө иштери, камакка алуулар, даттануулар, табылган далилдер тууралуу жетекчилерине гана эмес, прокурорлорго да кабарлап турушу керек. Кылмыш темасына адистешкен кабарчылар эми полиция бекеттерине ээн эркин кире алышпайт.

Стамбулда чыгуучу “Хурриет” гезити жазгандай, акыркы бир аптадан бери өлкө боюнча полициянын 550дөй кызматкери, анын ичинде жогорку даражалуу офицерлери иштен четтетилген.

Байкоочулар баамында, азыркы коррупциялык жаңжал бир жагынан Эрдогандын бийлигине каршыларга дем берди. Алар быйыл жыл ортосундагы көчө толкундоолорунан кийин дымый түшкөн эле.

Гүлөн жана Эрдоган. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Экинчи жагынан премьер Эрдоган менен АКШда жашаган түрк диниятчысы Фетхулла Гүлендин ортосундагы атаандаштыкты ачыктады. Гүлендин “Хизмет” кыймылынын жактоочулары Түркиянын полициясы менен сот системасында да бир топ деп саналат. Гүлен өзү Эрдоган “эки анжылыктан” жабыркап жатканын белгилеп, коррупция боюнча азыркы иликтөөгө кандайдыр бир тиешеси бардыгын четке какты.

Мусулман стратегиялык изилдөөлөрүнүн Аммандагы (Иордания) падышалык борбору жана мусулман-христиан диалогун өнүктүрүү боюнча АКШнын Жоржтаун университети алдындагы борбор былтыр Эрдоганды да, Гүленди да дүйнөдөгү эң таасирлүү делген он мусулмандын катарына кошкон.