Үч жылга кесилген дарыгердин кесиптештери бийликке кайрылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүү же жазасын жеңилдетүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылды. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо борборунун нефролог дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратты. 13 жаштагы кыздын оң бутунан ажырап калганына анын апасы дарыгерди айыптайт. Дарыгер быйыл жыл башында өспүрүм кыздын жакындарынын арызы менен кармалган. Райондук сот аны үч жылдык пробациялык жаза берген эле. Коомчулукта эки ача пикирлерди жараткан бул окуянын чоо-жайы тууралуу айтып беребиз.