Украина: Экс-министр Федоров Зеленскийди шайлоого чакырды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Украинанын мурдагы коргоо министри Михаил Федоров согуш учурунда да президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк табууга чакырып, бийликти, системаны катуу сындады. Анын кайрылуусу президент Владимир Зеленский үчүн сезимтал маселени кайрадан козгоду. Анын үстүнө Коргоо министрлигинин айланасындагы кризис тынчый элек. Украин жетекчилиги согуш абалында, өлкө аймагынын 20% орус аскерлери басып алган маалда добуш берүүнү уюштуруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Акыркы жолу Украинада президенттик шайлоо 2019-жылы өткөн.