Украина: орус аскерлери үйлөрүнө эмне жөнөтүүдө?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Беларус Гаюн" долбоорунун журналисттери Украинадагы согушта жүргөн айрым орус аскерлери уурдалган буюм-тайымдарды почта аркылуу үйлөрүнө жөнөтүп жатканын жазып чыкты. Почта түйүнүнүн камерасынын үч сааттык видеосунда орус армиясынын формасын кийген ондогон аскер кийим-кечеден баштап, үй тиричиликке керектүү техникага чейин жөнөтүп жатканы көрүнөт. Эки күндө эле эки тоннадай жүк Орусиянын ар кыл шаарларына кеткени айтылды.