Орусия бир апта ичинде Киевге үчүнчү ирет жапырт сокку урган күнү украин президенти Владимир Зеленский мекенинен 1200 чакырым алыста жүрүп, дал ошол чабуулдардын мизин кайтарууга же жок дегенде туруштук берүүгө өбөлгө болчу куралдарды өндүрүүгө уруксат сурады.
Орусиянын 52 айдан бери уланып жаткан баскынчылыгына каршы туруу үчүн Украинага азыр көп нерсе керек. Эң оболу Орусиянын кыйраткыч баллистикалык ракеталарын асмандан жок кылчу курал-жабдык аба-суудай эле зарыл.
Буга чейин АКШ берген Patriot абадан коргонуу комплекси Москванын баллистикалык ракетасынан ишенимдүү коргоп турган жалгыз система деп саналчу. Бирок Украинада Patriot системасына керектелчү ракеталардын запасы азайып баратат.
Буга кошул-ташыл болуп, АКШнын кампалары да бошой баштады. Соңку маалда Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы америкалык күчтөрдү жана өнөктөштөрүн Ирандын чабуулдарынан коргоо үчүн дал ушул ракеталарды колдонууда.
Киев болсо Patriot комплексине ракеталарды Украинада чыгарууга кызыкдар. Ал үчүн АКШнын расмий лицензиясын алуу зарыл эле. 8-июлда украин президенти Зеленскийдин ою оңунан чыккандай болду.
Түркияда өткөн НАТО саммитинин алкагында АКШ президенти Дональд Трамп украин лидери менен жолукканда Киевге Patriot ракеталарын чыгарууга уруксат берилерин билдирди.
"Биз силерге Patriot чыгарууга укукту беребиз", – деди Трамп.
"Ошондо силер бизге жетиштүү көлөмдө бербей жатасыңар деп доомат артпай каласыңар. Мен эми өзүңөр чыгара бергиле дейм", – деди америкалык лидер.
Анкарада өткөн НАТО саммитинин алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушту. (видеодон алынган кадр.)
Эгер Трамп өз убадасына туруп, лицензия берилсе, бул Зеленскийге эле эмес, Украинанын араң турган абадан коргонуу системалары үчүн да олуттуу колдоо болмок.
Акыркы айларда Киевге чабуул күчөдү. Орусия шаарга дрон, канаттуу жана баллистикалык ракета менен байма-бай сокку уруп жатат. 2-июлда 30дан ашуун адам өлүп, 2022-жылдын февралында согуш башталгандан берки эң кандуу чабуулдардын бири болуп калды.
Арийне, согуш маалында Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгү кыйла жакшырды. Украин аба күчтөрү орус дрондорун жана канаттуу ракеталарын атып түшүрүүдө күчтүү тажрыйба топтоду. Ошол эле учурда украиндер жаңы курал-жабдыкты, анын ичинде абадан коргонуу системаларын ойлоп таап, өндүрүүнүн аракетин көрүүдө.
Patriot абадан коргонуу комплекси
Лондондо жайгашкан Маалыматтык жактан туруштук берүү борборунун эсебине ылайык, январдан бери украин армиясы Орусия алыс аралыктан учурган дрондордун 90% абадан жок кылган. Ошондой эле 722 канаттуу ракетанын 80% атып түшүрүлгөн.
Бирок баллистикалык ракеталарга келгенде абал оор. Быйыл эле орустардын 522 баллистикалык ракетасынын болжол менен 70% мээлеген бутасына тийген.
Орусиянын башкы баллистикалык куралы – жерден атылуучу "Искандер-М" ракетасы. 500 чакырымга чейин жетип, үн ылдамдыгынан жети эсе тез учушу ыктымал. Башкача айтканда мындай ракета бир нече мүнөттө эле бутага жетет.
Украин аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 6-июлдагы чабуул маалында атылган 23 "Искандер-М" ракетасынын бирөөнү да абадан кармай алган эмес. Ошондой эле "Циркон" деп аталган алты гиперүндүү канаттуу ракета да өз бутасына жеткен. Анткени аларды асмандан кармап жок кылуучу ракеталар тартыш.
"Баллистикалык ракеталарды атып түшүрүү үчүн атайын жабдыктар керек. Бизде системалар жетиштүү, бирок ракеталардын туруктуу запасы аз", – деди украин аба күчтөрүнүн өкүлү, полковник Юрий Игнат 2-июлдагы кандуу чабуулдан кийин мамлекеттик телеканалга.
Аскердик адис белгилегендей, Орусия ушул тапта Украинада жана дүйнө жүзүндө Patriot системалары үчүн ракеталар тартыш экенинен пайдаланып жатат.
"Ошондуктан Москва барган сайын баллистикалык ракетага көбүрөөк басым жасоодо", – деди Игнат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Киев кайра чабуулга кабылды, 20дай киши набыт болду
Patriot - өтө татаал технология
АКШнын аскердик ири компаниялары Lockheed Martin жана Raytheon чыгарган Patriot комплекси бир нече негизги бөлүктөн турат. Ааларга абадан тосуп жок кылуучу ракеталар, аларды учура турган түзүлүш, радар, жогорку жыштыктагы антенна, башкаруу пункту жана электр генератору кирет.
Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунун маалыматына ылайык, бир Patriot комплексинин жалпы баасы болжол менен 1,1 миллиард доллар. Анын ичинен 400 миллион доллары ракета учуруучу түзүлүштөргө жана башка жабдууларга кетсе, 690 миллион долларга жакыны ракетага жумшалат.
Маалыматка таянсак, ушул тапта Украинада кеминде жети Patriot системасы бар. Алардын үчөөнү АКШ, дагы үчөөнү Германия берген. Бери дегенде дагы бирди Европадагы өнөктөш өлкөлөрдүн тобу жеткирген.
Бирок бул системалар толугу менен дайыма колдонулбайт. Техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринен улам алардын айрымдары убактылуу иштен чыккан.
Украин армиясында Франция менен Италия бирге өндүргөн SAMP/T абадан коргонуу системалары да бар. Бул система канаттуу ракеталар менен дрондордун мизин кайтарууда майнаптуу деп эсептелет. Бирок баллистикалык ракеталар өтө бийик жана тез учкандыктан, SAMP/T баарын толук тосуп кала албайт.
Украинада жетишпей жаткан негизги ресурс – Patriot системасы колдонгон PAC-2 жана андан жаңыраак PAC-3 үлгүсүндөгү абадан атып түшүрчү ракеталар.
Украин бийлиги акыркы айларда бул маселени чечүү үчүн АКШ администрациясы менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле Киев европалык өнөктөштөрдүн колдоосун алууга дагы жан үрөп жатат.
"Украиналыктар бир жылга жетпеген маалда дээрлик PAC-2ге тең келчү абадан жок кылуучу ракетаны иштеп чыгып, аны көп санда өндүрө аларын айтууда. Эгер алар аны ишке ашыра алышса, биз кубаттайбыз", – деди "Азаттыкка" НАТОдогу жогорку даражалуу дипломат.
Ошол эле учурда адистер Украина жакын арада мындай ракеталарды толук көлөмдө өндүрүп жиберет дегенге этият карашат. Patriot үчүн ракета чыгарууга өтө татаал технологиялар, өндүрүштүк база жана узак убакыт талап кылынат. Андыктан лицензия алуу маанилүү кадам болгону менен иш жүзүнө анын жыйынтыгы дароо эле байкалбашы мүмкүн.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Киевдеги аза күтүү: 30дай киши набыт болду
"Биз Украинада лицензиянын негизинде PAC-3 ракеталарын чыгара алабыз деген пикирге кошулбайм", – деди Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы офицери, учурда Киевдеги Улуттук авиация университетинде сабак берген Валерий Романенко.
Ал мындай өндүрүштү жолго коюуда бир нече олуттуу тоскоолдук турганын белгилейт.
"Биринчиден, биздин бардык өнөр жай ишканаларыбыз орустардын баллистикалык ракеталарынын соккусуна кабылып жатат жана азырынча алардан толук коргоно албайбыз", – деди Романенко.
"Экинчиден, биз деле өндүрүүчүлөр туш болгон эле көйгөйлөргө кабылабыз. Тактап айтканда, керектүү тетиктердин жана компоненттердин тартыштыгы болот", – деп кошумчалады.
АКШдагы Коргонуу артыкчылыктары аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери жана аскердик аналитика бөлүмүнүн жетекчиси Женнифер Кавана да бул демилгеден күмөн санайт.
"Трамп макулдугун берген болушу мүмкүн, бирок бул планды азырынча ишке ашыруу кыйын", – деди ал.
Адистин көз карашында Украина экспорттук талаптарга жооп берген өндүрүш ишканаларын курууга, зарыл бөлүктөрдүн тартыштыгын жабууга жана АКШнын мыйзамдары боюнча лицензия алуунун көп баскычтуу жол-жоболорунан өтүүгө тийиш.
"Украина Patriot ракеталарын чыгара баштаган күндө да алар аз көлөмдө жана бир нече жылдан кийин гана колго тийиши мүмкүн. Демек, бул жакын арада Украинага жардам бере турган чечим эмес", – деди Кавана.
Эксперт дагы бир коркунучка көңүл бурат. Мындай лицензиялык өндүрүштө жашыруун технологиялардын башка өлкөлөргө өтүп кетүү тобокелдиги бар.
"Бул технологияны Украинага берүү чоң тобокелдик туудурат. Эгер лицензия берилсе, технологиянын айрым элементтери акыры Орусиянын же Кытайдын колуна өтүп кетиши толук мүмкүн", – деди Кавана.
Киевде Орусиянын ракета жана дрон чабуулдары уланып жатканда тургундар жер алдындагы жайда баш калкалап турушат, 6-июль, 2026-жыл
Романенконун пикиринде, Украина үчүн Patriot ракеталарын чыгаруудан көрө Орусиянын коргонуу өнөр жайын талкалоо үчүн узакка учуучу ракеталарды көбүрөөк алган стратегиялык жактан артык болмок.
Ал мындай максатка жетүүгө АКШ чыгарган Tomahawk канаттуу ракеталары жарамак дейт.
Былтыр АКШнын Коргоо министрлиги Украинага Tomahawk жеткирүүнү жактырган. Бирок Ак үй акыркы чечимди алигиче кабыл ала элек.
"Мен активдүү коргонуу стратегиясын колдойм. Биз баллистикалык ракеталарды чыгарган орус ишканаларына жана аларды учурган аскердик бөлүктөргө сокку урушубуз керек", – деди Романенко.
Орусиянын аскердик өнөр жай объектилерине таамай чабуул жасоо үчүн Украинага Tomahawk сыяктуу кубаттуу, узак аралыкка жеткен ракеталар же абадан учурулган канаттуу ракеталар керек.
Ошол эле маалда украиналык Fire Point курал-жарак компаниясы Patriot системасын толуктап же келечекте анын ордун баса ала турган ата мекендик абадан коргонуу комплексин иштеп чыгууда.
Компания буга чейин алыс аралыкка сокку урчу дрондорду жана Flamingo канаттуу ракетасын чыгарганда таанылган.
Өткөн айда Fire Point жаңы Freya деп аталган абадан коргонуу системасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган.
Бирок талдоочулар компанияга толук кандуу иштей турган согуштук комплексти даярдап, армияга берүү үчүн дагы бир нече ай зарыл экенин айтышат.
Макала "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Зоряна Степаненконун маалыматынын негизинде даярдалды.