Орусия аскерлери Симферополдогу аба майданына кетчү жолду тосуп салды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эч бир энтамгасы жок жоокерлер Симферополдогу эл аралык аба майданды көзөмөлгө алды. Орусиячыл элдик кошуун өкүлдөрүнүн айтымында, бул жоокерлер - орустар. Жоокерлер болсо аба майдан алдындагы аянтка кайгуул коюп, эски кеңсенин имаратын ээлеп турушат. Бул жоокерлер кабарчыларды өздөрүнө жолотушкан жок.