Украинадагы согуштун, Ооганстандагы кургакчылыктын кесепети

Украиналык жоокер соотчон балага шведдик танктарга каршы комплексти кармоого көмөктөшүп жатат. Киев, 10-август, 2022-жыл 

Беларустун ак-кызыл түстүү тарыхый желегин жамынган кишилер Варшавада. Беларуста 2020-жылы өтүп, жапырт камоолор жана бурмалоо менен коштолгон президенттик шайлоонун үч жылдыгына карата жүрүшкө чыккандар. 9-август, 2023-жыл 

Ооган жараны кургакчылыктан эч нерсе өспөй калган буудай талаасында кетип баратат. Балх провинциясы.

Синтезаторлордун сөлөкөттөрү.Германиялык Kraftwerk электрондук тобунун концертин утурлай. Веспрем, Венгрия

Орусиянын Запорожьедеги турак жайга урулган соккусунан кийинки көрүнүш. Украина, 9-август, 2023-жыл 

Оогандык аял балдары менен. Бадахшан провинциясы 

Украинанын чыгышындагы Донецк облусундагы фронт аймагы. 

Армениянын полициясы өкмөт үйүнүн жанында акцияга чыккан кишини кармап баратат. 8-августта Ереванда Лачин коридорун ачууну талап кылгандар өкмөт үйүнүн кире беришин тосуп алышкан. Лачин — Тоолуу Карабакты Армения менен байланыштырган жалгыз жол жана аны Азербайжан жаап койгон.  

49 жаштагы Ольга Парамонова жана анын энеси Наталья Донецкинин Орусия көзөмөлдөгөн аймагында талкаланган үйүнүн чатырын карап турушат. 

Оогандык жигит Мазари-Шарифтеги ресторанда отурат.

Пакистандык сатуучу өлкөнүн желегинин түсүндөгү маскаларды сатып жатат. 14-августта Пакистан Британиядан көз карандысыз болгондугунун 76 жылдыгын белгилейт. 

Орус армиясынын Украинанын чыгышындагы Покровск шаарына ракеталык чабуулунда жаракат алган аялды көтөрүп бараткан киши. Соккуда кеминде жети киши каза тапкан.

Грузиянын ардактуу кароолу Орусия менен 2008-жылдын августунда болгон кагылышууда каза тапкан жоокерлердин көрүстөнүндөгү иш-чарада. 

Москванын Кызыл аянтындагы борбордук дүкөндөгү фонтан. Аны беш тонна дарбыз-коон кооздогон. Орусиядагы дарбыз мезгилинин башталганына арналган иш-чара 

Тегерандагы Милад мунарасы. Күн желеси 

Жергиликтүү тургун Орусиянын ракеталык соккусунда зыян тарткан батиринде уктап жатат. Украина, Покровск 

Ооганстандык аялдар Гераттагы фабрикада жүн сабап жатышат.

Полиция кызматкерлери жүргүнчү поезди кырсыктагандан кийин вагондорду карап жатышат. Кырсыкта кеминде 31 киши мерт болгон. Навабшах, Пакистан, 6-август, 2023-жыл