Украинанын оккупацияланган аймактарында Орусия шайлоо өткөрүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москва Украинага каршы согуш баштагандан бери орусиялыктар алгачкы жолу Мамдуманын депаутаттарын шайлап жатат. Парламенттин төмөнкү палатасындагы 450 мандат үчүн 10 партия ат салышууда. Согушка каршы позициядагы жападан-жалгыз "Яблоко" партиясын Жогорку сот шайлоонун алдында четтетип салды. Украинанын оккупацияланган аймактарында добуш берүү уюштуруу аракетин Киев катуу сындады. Орусиялыктарды өнөктүктөн кийин экинчи мобилизация башталшы мүмкүн деген маселе түйшөлтүп келатат.