Киевдеги кырдаал (түз видео)

Өкмөт үйүнүн алдындагы демонстранттар, Киев, 2-декабрь, 2013.

Киевдеги Өкмөт үйүнүн алдына чогулган оппозициянын бир канча миңдеген тарапкерлери бардык жолдорду бөгөп салды. Алар өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууда.
Милиция кызматкерлери имаратты курчап турат, бирок азырынча кырдаалга тек гана көз салып турат. Өкмөт үйүнүн короосунда атайын даярдыктагы "Беркут" тобунун 8 автобусу кызматкерлери менен турат.

Оппозиция лидерлеринин бири, Украинанын мурдагы ички иштер министри Юрий Луценко митингчилер имаратты "тынч курчоодо" кармап тураарын билдирип, демонстранттарды ар кандай провокацияларга алдырбоого жана имаратка чабуул жасабоого чакырууда. Өкмөт үйүнүн алдына келбегендер Көз карандысыздык аянтындагы акциясын улантууда.

Окуя болгон жерден түз видеотрансляция



http://www.ustream.tv/embed/16573315?v=3&wmode=direct



Жекшембиде борбор шаарда чогулган демонстранттар эрте шайлоо өткөрүүнү жана президент Виктор Януковичтин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Жума күнү Вилнюстагы саммитте Украина жетекчилиги Евробиримдик менен ассоциация түзүү тууралуу келишимге кол коюдан баш тарткандан кийин евроинтеграциянын колдоочуларынын акциялары күчөгөн.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акция протеста в Киеве 1 декабря



Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Драка, газ, гранаты на Банковой