Евромайдандагы түнкү маанай

Евроинтеграциянын миңдеген жактоочулары 15-декабрда өтчү ири митингге чейин суткалап аянтта турмай болушту.   

Демонстранттар саат сайын Украинанын гимнин кайталап ырдап жатышат.

Оппозиция лидерлеринин бири Арсений Яценюк элдин талабы аткарылмайынча акциялар улана берээрин айтты.

Майдандын башкы модератору, атактуу ырчы Русланага ыраазычылык билдиргендер көп. 

Майданда украин жаштары өзгөчө активдүү болууда.

Ырчы Руслана "Азаттыкка" маек куруп жатат.

Майдандагы нааразылык акциясы шаан-шөкөттүн коштоосунда өтүүдө.

Чогулган эл "Европа" ураанын көтөрүүдө.