"Укугун билген аял жашоодо жаңылбайт". Оштогу кризистик борборлор

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушу тапта өлкөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөткөн 17ге жакын кризистик борбор бар. Ал жерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам көрсөтүлөт. Адистер документтерди толтурууга жардам берип, сот залында коштоп жүрүшөт. Кризистик борборлор убактылуу баш калкалоочу жай менен да камсыз кылат.