«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттыктын” изилдөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура үч жыл толду. 2018-жылдын каргашалуу 22-июлунда суук кабар кыргыз коомчулугуна желдей тараган. Өлкөдөгү курч, көйгөйлүү маселелерди тайманбастан козгоп, коомго алып чыккан чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев көз жумганда 28 жашта гана болчу. ("Азаттыктын" архиви)