Google дүйнөсүнө саякат

Кремний өрөөнүндөгү Маунтин-Вьюда жайгашкан Googleplex деп таанылган ​Google корпорациясынын баш кеңсеси.  

Google компаниясынын баш кеңсесиндеги биздин жол көрсөткүч, орусиялык программист Григорий Зарайский.

Компаниядагы кош бойлуу аялдар машинесин атайын кеңсеге жакын курулган жерге токтотушат.  

Бул имаратта компаниянын негиздөөчүлөрү Сергей Брин менен Ларри Пейдж отурат.
 

Компания кызматкерлерине жумуш маалында кеңсенин аймагында минип жүргөнгө велосипед берилет. 

Google компаниясынын кызматкерлеринин көбү электромобилдерди минишет. Машинени заряддоочу станциялар күн нурунан энергия алат. Жарым саат заряддалган машине Кремний өрөөнүндө жүздөгөн чакырым басууга жетет.    

Дүйнөлүк компаниянын кызматкерлеринин иш орундары.

Компаниянын ашканасында эртең мененки жана түшкү тамакты даярдоого атактуу ашпозчулар чакырылат. Кеңседе бекер ысык кофе, мудаткычта суусундуктун түрлөрү тизилип турат. 
 

Корпорациянын эсебинен берилген аш болумдуу заттар. 

  

Тамак эле ичпестен Google компаниясын негиздөөчүлөр Брин жана Пейдж менен чогуу отуруп, талкуулар өткөн ашкана. 

Кимдир бирөөгө жапондордун тамак-ашы жакса...

Башкалары кытай ашканасынын тамагын жакшы көрөт. 

Иш көп маалда бул турган шайтан арабаны тээп, мээни эс алдырса болот. 

Кызматкерлердин иштөө режими эркин, ар бир киши аптасына бир жолу өз долбоорунун үстүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Компания үчүн иштин натыйжасы маанилүү.  

Убакыт - акча. Кызматкерлерди тейлеген жылып жүрмө чач тарач. 

Кеңседе каалаган убакта жатып чырм этип алууга болот. 

Бассейн.

Дүйнө Google компаниясынын көзү менен. Санкт-Петербургдагы Дворцовый аянты. 

Google Street View деп аталган дүйнө кезип, көчөлөрдү, үйлөрдү, айлана-чөйрөнү тарткан атайын жабдылган машине. 

Google андроиддер.

Кеңсенин маңдайында бирөөнүн алачыктай кепеси турат. Ээси ал жерди саткандан караманча баш тарткан, аны эч ким мажбурлай дагы албайт.