АКШ: жарандык укуктар үчүн күрөштүн тарыхы

17 жаштагы Натаниэл Стюард Вашингтондогу Ыйык Доминика мектебинде, 1954-жылдын 21-майы. Бул мектепте биринчилерден болуп актар менен каралар бирге окуй баштаган.

Адвокаттар Тургуд Маршалл (борбордо), Жорж Хайерс (солдо) жана Жеймс Нэбрит Жогороку Соттун билим берүүдөгү сегрегацияны жойгон чечимин кубаттап жатышат, 1954-жылдын 17-майы. 1967-жылы Тургуд Маршалл АКШнын Жогорку Сотуна биринчи теги африкалык мүчө болгон. 

14 жаштагы Эмметт Тилл 1955-жылы Миссисипидеги туугандарын барып көрүүдө. Ага чейин аны эки ак түстөгү жигит ак түстүү айымга ышкырып койгону үчүн уурдап барып, дарыядагы сууга салып катуу сабашкан. Курамы жалаң актардан турган сот кылмышкерлерди толугу менен актаганы жарандык укуктар үчүн күрөштү активдештирген. 

Жарандык укуктар үчүн күрөштүн активисти Роза Паркс Марти Лютер Кинг менен, 1955-жыл. Паркс ага чейин автобуста ак түстөгү жүргүнчүгө орун бошотуп бербегени үчүн камалган. Бул болсо Алабама штатында коомдук транспорттогу сегрегацияга каршы кыймылдын башталышына түрткү болгон. 

Роза Паркс АКШнын Жогорку Соту шаардык транспорттогу сегрегацияга тыюу салган чечимден кийин Монтгомеридеги автобус паркында журналист менен, 1956-жыл.

1957-жылдын 25-сентябрында АКШнын аскер күчтөрүнүн жоокерлери тогуз кара тектүү окуучуну Арканзас штатындагы Литл-Рок шаарындагы актар окуган мектепке киргизген. Президент Дуайт Эйзенхауэр нааразылыкка чыккандардан чочулап балдарды мектепке аскерлер коштоп барсын деген буйрук чыгарган. Штаттын губернатору Орвал Фобус тогуз окуучуну борбордук мектепке киргизбөөгө чечим чыгарган.

Огайо штатындагы студент-активисттер Миссисипиге жөнөөр алдында, 1964-жыл. "Эркиндиктин жайы" деп аталган өнөктүк Миссисипи штатында кар түстүү шайлоочуларды болушунча көбүрөөк каттоону көздөгөн. 

Нью-Йорктун шаардык кеңешинин алдындагы кара менен актардын жүрүшү, 1963-жылдын 23-августу.

Жарандык укуктар үчүн кыймылдын лидери, диниятчы Мартин Лютер Кинг (солдон үчүнчү) Вашингтондогу жүрүштө, 1963-жылдын 28-августу. 

Жүрүшкө чыккандар Капитолий менен Линкольндун мемориалдык комплексинин ортосунда.

1964-жылы 2-июлда Ак үйдө "Жарандык укуктар боюнча мыйзамга" кол коюлгандан кийин АКШнын президенти Линдон Жонсон Мартин Лютер Кингдин колун кысууда. 

Коретта Скот Кинг (оңдон бешинчи) Мемфистеги жүрүштү баштап баратат, 1968-жылдын 9-апрели. Беш күндөн кийин Теннеси штатында анын күйөөсү Мартин Лютер Кинг өлтүрүлгөн. Алардын кызы Иоланда жана уулдары Мартин менен Декстер.

Вашингтондогу кедейлердин жүрүшүнө чыккандар, 1968-жылдын 19-июну. Мартин Лютер Кинг бул өнөктүктү АКШнын эң жакыр райондорунда жашагандарга экономикалык көмөк берүү үчүн уюштурган. Бул иш-чара Кинг өлтүрүлгөндөн кийин дагы улантылган.