Каримова Швейцарияда кылмышка шектелүүдө

Гүлнара Каримова

Швейцариялык тергөөчүлөр өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримованы арам акчаны адалдоого шектүү деп жарыялап, иликтөө иштерин башташты.
Шаршембиде таратылган билдирүүдө Швейцариянын башкы прокурорунун кеңсеси Өзбекстандын телекоммуникация тармагынын тегерегиндеги мыйзамсыз иштерге тиешеси бар шектүү адамдар тизмесине Гүлнара Каримованын ысымы кошулганын кабарлайт. Бул иликтөө иши 2012-жылы жайында башталып, андан бери Каримовага жакын бир нече өзбек жарандарынын ишмердиги тергөөгө алынган. Атүгүл эки адам кармалып, ошол жылдын октябрь айында күрөөгө акча коюлуп бошотулган экен. Мунун баары ушул шаршембиде белгилүү болду.

Швейцариянын башпрокурорунун басма сөз катчысы Жанет Балмер “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда кылмыш иштин айрым жагдайларына токтолду:

- Швейцариянын Коомдук министрлиги мыйзамсыз акча жүгүртүү боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Өзбекстандын телекоммуникация тармагына тийешеси бар бул иште ири суммадагы акча мыйзамсыз адалданган деген шек жаралган. Тергөө иштери Швейцарияда болуп жатканы, анткени аталган мыйзамсыз акча каражат биздин өлкөдө табылган.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова 41 жашта, былтыркы жайга дейре Өзбекстандын Улуттар уюмундагы жана Женевадагы эл аралык уюмдардагы элчиси катары дипломатиялык кол тийбестикке жамынып келген. Июль айында ал кызматтарынан бошотулуп, азыр эми кол тийбестик макамынан ажыратылган. Швейцариянын башпрокурорунун кеңсеси тараткан маалыматта Каримова анын ысымы кылмыш ишке байланыштуу шектүү деп аталгандан көп узабай Женевадан башка жакка шашылыш чыгып кеткени айтылат. Швейцариянын башпрокурорунун өкүлү билдиргендей, тергөөчүлөр Өзбекстандагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу Швеция, Франция жана башка мамлекеттерден маалымат чогулта баштады.

Гүлнара Каримованын Женевадагы үйү августтун аягында тинтүүгө алынып, 910 миллион АКШ долларына барабар ашкере баалуу өзбек кол өнөрчүлүк буюмдары камакка алынган.

Бир нече жыл мурдараак Гүлнара Каримова атасы, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун ордун басар болочок мураскору аталып калган эле. Гүлнара саясий сахнага чечкиндүү кадам таштап, аны ырчылык, зергер буюмдар жасаган дизайнер, кайрымдуулук иштерин дүркүрөтө уюштурган коомдук ишмердиги менен айкалыштырып, Ташкендеги саясий аренада алдына киши салбай калган эле. Ошондой бийиктиктен күтүүсүз кулаган өзбек президентинин кызы өткөн күздө ар тараптан кысымга кабылып, маалымат империясы, ондогон кымбат дүкөн жана башка жайлары жабылып, өзү гана эмес, досторунун бизнеси кыйроого учурады. Аларга салыктан качкан, мыйзамсыз финансы иштерин жасаган деген олуттуу айыптар тагылды. Эми минтип, Швейцариядагы кылмыш ишке тиешеси бар деп шектелип, ал жактагы тузакка илээшти.