Венесуэланын президенти дүйнө салды

5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты.
Президент Чавестин дүйнө салганы тууралуу вице-президент Николас Мадуро улуттук телеканал аркылуу жарыялап, “Чавес эки жылдан берки катуу оорудан кийин көз жумганын” айтты:

- Бүгүн, 5-март күнү министрлер кеңешинин жыйынынан кийин биз президенттин абалы менен таанышуу үчүн ооруканага келгенбиз. Биз анын кыздары, бир туугандары жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо эң жаман, трагедиялуу оор кабарды уктук. 5-март күнү саат күндүзгү 4:25те президент Уго Чавес Фриас көз жумду.

​Чавеске рак оорусуна байланыштуу Кубада төрт жолу операция жасалган. Ал өткөн жылдын 11-декабрындагы соңку операциядан бери элдин алдына чыккан эмес.

Чавестин өлгөнү тууралуу маалыматты вице-президент америкалык эки дипломат өлкөдөн чыгарылгандан кийин айтты жана президенттин өлүмүнө “Венесуэланын тарыхый душмандарынын салымы бар” деп кошумчалады.

Чавестин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтуусун АКШ президенти Барак Обама, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Венесуэла элине жолдошту.

​Уго Чавес Венесуэланын бийлигине 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы 10-январга белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.

Чавестин өлүмүнөн кийин Венесуэла бийлиги президенттик шайлоо алдыдагы 30 күндүн ичинде болорун билдиришти. Ага чейин мамлекет башчынын милдетин вице-президент Николас Мадуро аткара берет.

​Серепчилер Чавестин өлүмү Венесуэладагы социалисттик “революция” Чавессиз жашай алар-албасын аныктоочу жаңы шайлоого жол ачарын айтышууда.

Божомолдор боюнча мамлекет башчылыкка күрөш азыркы вице-президент Николас Мадуро менен өткөн шайлоодо Чавеске уттуруп койгон оппозиционер Энрикэ Капрайлстын ортосунда болот.

Коменданте Чавес сүрөттөрдө