Сергей: Үй-бүлөм окко учуп жалгыз калдым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Киев облусунун тургуну Сергей Перебейнис орус күчтөрүнүн чабуулунан улам жубайы Татьянадан жана уулу менен кызынан айрылды. Анын үй-бүлөсү 7-мартта Ирпень шаарынан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда орус армиясынын аткылоосуна кабылган. Эң жакын адамдарынан ажыраган Сергей «Настоящее время» телеканалына үй-бүлөсүнүн башына түшкөн мүшкүл тууралуу айтып берди.