Злитен шаарындагы полициячыларды даярдаган борбордо жардыруу болгон учурда жүздөгөн жаңыдан кызматка алынгандар машыгуудан өтүп жатышкан. Такталган маалыматтар боюнча жардыруудан 60тан ашуун адам мерт кетип, ондогон адамдар жараат алышты.
Ливияда чукул кырдаал жарыяланып, жарадар болгон ондогон адамдар борбор шаар Триполи менен Мисурата шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.
Злитен шаарындагы жардыруу, 7.01.2016
Экс-президент Муаммар Каддафинин тушунда бүгүнкү жардыруу болгон жерде аскердик база жайгашчу.
Көптөн бери ич ара атаандашып бириге албай келаткан ливиялык саясий топтор декабрда чогулуп, мунаса өкмөт түзүүнү макулдашкан, ал келишим дале аткарыла элек.
Италиялык жоокер Ливиянын картасын карап жатат, 26.04.2011
Террористтер полициянын машыктыруу борборуна жакын жерге ичине жардыруучу зат толтурулган автоунааны токтотуп, ал бейшембинин таңында жүздөгөн жаш полициячылар топтошкон кезде жардырылганы кабарланды. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир уюм өзүнө ала элек.